Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

ЕВРОШАРКЕТ САНКЦИЯ КИРГИЗҮҮДӨ, ИРАН МАМИЛЕСИН БИЛДИРҮҮДӨ


Еврошаркет Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизет. Тегеранга каршы көрүлүүчү чаралар шаркетке мүчө жыйырма жети өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин Люксембургда ушул дүйшөмбүдө өткөн жыйынында жактырылган эле. Ирандын тышкы иштер министрлиги болсо Еврошаркеттин чечимин сынга алып, андан өлкөнүн экономикасына таасир тийбей турганын билдирди. Акыркы бир жарым жылда Иранга каршы БУУнун Коопсуздук кеңеши да үч ирээт санкция киргизген.

Еврошаркет Иранга каршы жаңы санкцияларды талаштуу өзөктүк программасынан, уран байытууну токтотуу жөнүндөгү эл аралык талаптарга моюн сунбаганынан улам киргизип олтурат. Тегеран уран байытуу программасы тынчтык максатты гана көздөйт деп ырастаганы менен Батыш мунун артында өзөктүк куралга ээ болуу мүдөөсү жатат шек санап келүүдө.

Ушул айдын он экисинде эле Еврошаркет алтылыктын же БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү: АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германиянын атынан Иранга уран байытуу ишин токтотууга ынандыруу үчүн сунуштардын жаңы топтомун берген эле. Бул үчүн Тегеранга Еврошаркетте тышкы саясий маселелерди тейлеген өкүл Хавьер Солана барып келген. Бирок уран байытуу "талкуулоого жатпай турган" маселе деп белгилеген Иран ал сунуштарды кабыл албагандай түр көрсөткөн болчу. Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Тегеран сүйлөшүүгө даяр экенин бирок бул үчүн Еврошаркет да Ирандын сунуштарына "олуттуу маани" бериш керектигин билдирген эле.

Еврошаркеттин санкцияларына караганда, Иранга карата чара көрүүдө эми ал сөздөн ишке өтө баштап, дагы бир ирээт эскертүү жасап жаткандай.
Шаркеттин тышкы иштер министрлери жактырган санкциялар экономикалык мүнөзгө ээ. Ага ылайык Ирандын эң ири банктарынын бири – "Меллинин" Европадагы активдери тоңдурулмакчы. Бул аталган банктын Париж, Гамбург жана Лондон шаарындагы бөлүмдөрүнүн жабылышына алып барышы мүмкүн. Ушуга окшогон чара ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы менен байланышта турган башка ишканаларына да колдонулат. Мындан сырткары Европага кирүүгө тыюу салынган ирандык расмий адамдар менен ишкерлердин "кара тизмеси" кеңейтилет. Алар кимдер экенин шаркет өзүнчө жарыяламакчы. Тегерандык журналист Мани Дагхихи мындай дейт:

- Жаңы санкциялар Иранга каршы америкалык жана европалык саясат эриш- аркак кетип жатканын каңкуулоодо. Бул ошондой эле буга чейин берилген сунуштардын топтомуна Еврошаркет Ирандан тез жана оң жоопту күтүп жатканын көргөзүүдө.

Ирандын Еврошаркет активдерин тоңдуруучу "Мелли" банкы менен катар "Меллат" жана "Садерат" банктарына каршы АКШ да өткөн жылдын октябрь айында санкция киргизген. Кошмо Штаттардын ырастоосунда, бул банктардын алгачкы экөөсү өзөктүк программаны каржылоого жардам берсе, үчүнчүсү террорчулукту каржылаган.

Иран бийликтери Еврошаркеттин чечимин адаттагыдай эле айыптады. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мохаммад Али Хоссейнинин айтымында, Еврошаркеттин соңку санкциялар менен сунуштары "логикасы жок" талапты камтыйт. Бирок Али Хоссейни Тегерандагы басма сөз жыйынында Иран менн Еврошаркеттин окшош максаттары бар экенин моюнга алып, алар эки ортодогу болочок талкууларга негиз түзүп бере алышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Ал эми Иран тышкы иштер министринин Европа иштери боюнча орун басары Мехди Сафаринин айтымында, буга чейинки санкциялардан өлкөнүн экономикалык ишмердигине таасир деле тийген эмес, азыркысынан да болбойт. Айрым жергиликтүү гезиттер Иран активдери тоңдурулушуна жол бербөө үчүн Европадан 75 миллиард доллар каражатты чыгарып кеткенин өткөн аптада жазып чыгышкан эле. Бирок бул кабар башка көз карандысыз булактар тарабынан ырасталган эмес.

Уран байытууну токтотуу талабы менен акыркы он сегиз айдын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңеши да Иранга каршы үч ирээт санкция киргизди. Ал эми Кошмо Штаттарда Сенаттын жумушчу тобу өткөн аптада эле АКШнын Иранга каршы буга чейинки санкцияларын дагы күчтөндүрүүнү караган мыйзам долбоорун жактырды. Ал чаралар Иранга товар сатууга жана андан сатып алууга коюлган чектөөнү дагы бекемдейт. Мыйзам долбоору ирандык кээ бир жеке адамдарга киргизилген каржылык санкцияларды кеңейтет, америкалык компаниялар же алардын чет өлкөлөрдөгү бөлүмдөрү Иран менен иш кылса, аларга айып салууну карайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG