Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

СЕРБИЯДА БАТЫШЧЫЛДАРДЫН ӨКМӨТҮ ТҮЗҮЛДҮ


Амирбек Усманов, Прага Сербиянын Социалисттик партиясы демократтар башындагы батышчыл коалициялык өкмөткө кирүү жөнүндө макулдашканын жарыя кылды. Мурдакы серб лидери Слободан Милошевич негиздеген Социалисттик партиянын коалициялык өкмөткө кирүүсүн Евробримдик сүйүнө кабыл алды. Ырасмий Брюссел Сербиянын батышчыл өкмөттүү болуусуна жол ачылды деп санайт.

Сербиянын мурдакы президенти Милошевичтен калган Соцпартиянын президент Борис Тадич түптөгөн батышчыл альянска кошулуусун партиянын жетекчилиги дээрлик бир добуштан колдоду. Чечимге жетектөөчү кеңештин 258 мүчөсүнүн 11и каршы добуш берип, экөө калыс болгонун Соцпартиянын төрагасы Ивица Дадич дүйшөмбү күнү кечинде билдирди:

- Албетте, бул оор чечим болду. Бирок, ага барчу мезгил келген эле. Көз карашыңды дайыма эле бөлүшө бербеген адамдар менен кызматташууну каалабайсың, деп айткан жеңил. Баса, биз 2004- жылы демократтык өкмөттү колдогондо да Тадичтин партиясы менен бириккенбиз.

Тадич башындагы батышчыл демократтык альянс 11-майдагы шайлоодо жеңгени менен 250 орундуу парламентте көпчүлүк мандатка ээ болгон жок. Ошондуктан, шайлоодо экинчи жана үчүнчү орунду алган улутчул Радикалдык партия жана премьер- министр Коштуница башындагы Демпартия социалисттер менен москвачыл коалицияга биригет деген кептер айтылып жаткан. Үч партия Белграддын мэрин чогуу көрсөтөлү деп чечкенден тарта алар өз ара мунаса тапты деген ишеним дагы күчөгөн.

Азырынча, Тадичтин социалисттерди кантип ийдиргени белгисиз. Белграддык талдоочу Вук Станковичтин пикиринче, Тадич коалициялык өкмөттү түзүү үчүн саясый жактан ийкемдүү болууга аргасыз көнгөн:

- Социалисттердин радикалдар менен шаардык деңгээлде түзүлгөн келишимин кайра карап көрүүсү үчүн аларга улуттук деңгээлдеги чоң сунуштар жасалды…Бирок, биз күбө болуп окуялар Тадичтин жеке пикири эмес жана анын партиясы жүргүзгөн саясаттын натыйжасы да эмес. Бул сүйлөшүү учурунда түзүлгөн жагдайдын натыйжасы.

Айрым маалыматтарга караганда, социалисттерге парламенттин төрагалыгы жана министрлик эки орун берилген. Милошевич бийликтен кеткени Соцпартия өкмөттөн четтеп калган эле.

Брюссель Сербиянын каолициялык өкмөтүн түзүү боюнча келишимди оң кабыл алды. Сербия эми Евробиримдикке кошулуу үчүн эркин өнүгө баштайт, деп билдирди Биримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Олли Рен.

XS
SM
MD
LG