Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

САРКОЗИ: ПАЛЕСТИН МАМЛЕКЕТИН ТҮЗҮҮ – БИЗДИН ПРИОРИТЕТ


Жакынкы Чыгыштагы сапарын аяктап жатып, президент Николя Саркози Палестин мамлекетин түзүү Франция үчүн приоритет деп билдирди. Кечээ Саркози Иордан дарыясынын Батыш жээгинде Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен жолугушту. Анын алдында француз мамлекет башчысы Израиль парламентинде сөз сүйлөгөн.

- Тынчтык орнотуу үчүн Франция экономикалык жана финансылык кубатын, аскерлерин, дипломатиялык күчүн ортого салууга даяр, - деп ишендирди Саркози Махмуд Аббасты.

Вифлеемдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн пресс-конференцияда француз президенти ошондой эле Израилдин коопсуздугу да Франция үчүн өтө маанилүү деп белгиледи.

Палестин лидерине колдоо көргөзгөн Саркози Хамас менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Европа биримдиги сыңары эле Франция “террористтер менен диалогго барбайт”, - деди Саркози. Ошол эле маалда Израиль Египеттин арачылыгы менен исламчыл топ менен тикелей эмес сүйлөшүү жүргүзүп жатканын эскерте кетели.

Хамас 2006-жылкы шайлоону жеңгенден бери Жакынкы Чыгыш боюнча төртилтик уюм менен мамилелер анын жөөт мамлекетин таануусуна багыңкы болмокчу деп келатат. Былтыр болсо Хамас Газа тилкесиндеги бийликти өз колуна алган.

Француз лидери Махмуд Аббасты “бейпилдикти жактаган, ишенимдүү адам” деп сыпаттады:

- Коопсуздукту камсыздаган бир эле бийлик болууга тийиш жана ал – жоочулар же террористтердин бандалары эмес, ал - Палестин армиясы. Мен ойлорумду ачык айткандан коркпоймун: эгерде силер террористтерче аракеттенсеңер – анда силер террористсиңер. Адилеттүүлүк терроризмдин жардамы менен орнобойт. Ошол эле мезгилде эч ким өзүн дубал менен коргой албайт. Тынчтыкты тандаган саясий чечим аркылуу гана өзүн өзү коргосо болот.

Ушундай эле мазмундагы кайрылууну француз мамлекет башчысы Израиль парламентинде – Кнессетте сүйлөгөндө жасаган.
Атап айтканда, Саркози Израилди Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги конуштарды тургузууну токтотууга үндөгөн:

- Колонизацияга чекит коюлмайынча тынчтыкка жетишилбейт. Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги конуштарда жашаган элге компенсация төлөп жана Израилдин ичинен турак-жай бөлүп берүүнү караштырган мыйзам кабыл алынышы керек. Бул сунушту Кнессет мүчөлөрүнүн көбү колдоду. Менин айтаарым: элдин көчүшүнө шарт түзүп бергиле.

Саркози шейшебиде Жакынкы Чыгыштагы сапарын аяктап, мекенине учуп кетти. Израилдин Бен Гурион аэропортунда жогорку даражалуу конокту узатуу салтанаты өтүп жаткан учурда жөөт полициясынын кызматкери кокусунан өзүн өзү атып алып, жан таслим болду. Бул окуя Израилдин коопсуздук кызматын бир топ бейпайга салды.

Ал аралыкта Газа тилкесинен Израилдин аймагына эки ракета атылганы кабарланды. Мындан 5 күндөй мурун Израиль менен Хамас уюму ортосундагы жарашуу келишими күчүнө кирген эле. Кечээки аткылоодон жабыркагандар болгон жок. Сокку үчүн жоопкерчиликти Ислам Жихады уюму өзүнө алды. Анын алдыңкы түнү жөөт аскерлери Наблус шаарында палестиналык эки кишини, анын ичинде уюмдун 1 мүчөсүн өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG