Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

ЖАЙ ИЧИ КАРА ЖУМУШТУ КАТЫРА ТУРЧУ СТУДЕНТТЕР


Жанарбек Акаев, Ош Ош шаарындагы Жогорку окуу жайлардын студенттери быйыл көптөгөн курулуш иштерине тартылышты. Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан быйылкы жер титирөөдөн жабыр тарткан Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө 23 студент жөнөтүлсө, Ош мамлекеттик университети куруп жаткан имаратка 33 студент жумушка тартылды. Алардын айлык акысы университет тараптан төлөнүп бериле турган болду.





Окуу жылы аяктаары менен, адатта, студенттердин басымдуу бөлүгү чет-өлкөгө барып иштеп келууну чечишет. Айрымдары талаа жумуштарына жардам бергени айылга карай жөнөшөт. Арген Нуров да ушул эле катардагы студенттердин бири. Ал эки жылдан бери жайкы каникулда ата-энесине кол кабыш кылып, анан жаңы окуу жылы башталаары менен өзүнүн контрагына, кийим-кечесине сарпталчу чыгымды ата-энесинен алып келчү. Быйыл болсо ошол каражатты курулуш отрядында иштеп өзүм табууга аракет кылып, жатам дейт:

- Азыр биз ушул жерде иштеп жатабыз, айына 8 миң сомдон алабыз. Каникул убагында бош жүрбөй, өзүбүздүн контрагыбызды, кийим-кечебизди, башка керектүү нерселерибизди камсыздап алалы деп иштеп атабыз. Айылга барсак деле бош эле жүрөбүз, майда-чүйдө иштер бар, эми аны үйдөгүлөр деле кыла беришет да. Ушул жерде жатакана түзүлдү. Тамак-аш айлыгыбыздын ичинен. Азыр иштегенибизге 20 күн болуп калды, дагы уч ай иштейбиз. Ушул үч ай толук иштесем, анан бир компьютер алайын деген ниетим бар, анан окуума контрактын акчасын төлөп, өзүмө бир сыйра кийим кылам.

Курулуш отрядында иштеген студенттердин арасында Эмилге окшоп паспорт ала албай калып, айласыз иштегендер да бар. “Паспорт колума тийсе, эл катары Орусияга барып иштемекмин”, - деген Эмил бул жерде тапкан акчасы күнүмдүк жашоого араң жетээрин айтат:

- Мен Орусияга барайын десем, паспорт проблема болуп калып, бара албай калдым. Бул жерде кечке “кыш тазалаш, кыш ташыш”, ошого окшогон иштер... Үч ай иштейбиз.

Аталган университеттин ректору Мухтар Орозбековдун айтымында, курулуш отрядын кайрадан жандандыруу турмуш шарты оор студенттер үчүн пайдалуу болот. Учурда студенттер имаратты куруучу атайын усталарга жардамчы болуп, аларга 8 миң сомдон айлык төлөнүп турмакчы:

- Биринчиден, бул студенттер, турмуш шартына байланыштуу, “иштейбиз, жайкысын бекер жүрбөй контрактын акчасын төлөп, кийим-кечегибизди алып, ата-энебизге жардам кылабыз” деген жакшы түшүнүктөгү студенттер. Экинчиден, аларды биз адис усталарга кошумча жардамчы катары иштетип жатабыз. Жалпысынан 33 студент иштеп жатат, анын ичинде кыздары да бар. Шарттар түзүлгөн, салкын убакта иштешет, күн ысыкта дем алышат. Ушул окуу корпусунун ичинен жатакана жасап бердик.

Курулуш отрядынын демилгечиси, Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча жетектөөчү адиси Сонунбек Жунусбаев жалпы курулуш иштерине 175 студент катышат деп пландаштырганын, учурда аларга 110 студент кайрылганын билдирди:

- Карасуу районуна 23 студент кетти, булар Папан айыл өкмөтүндө болушат. Эртең дагы 50 студентти 5 мектепке бөлүп жатабыз. Буларды эмгек биржасы каржылайт, ал эми жеке үйлөрдү курууга иштешсе, анда ал адам менен келишим түзөт.

Ошентип, учурда студенттер коомчулугу келаткан окуу жылындагы контрактын акчасын, кийим-кечеге жумшала турган каражатты табууга азыртадан кам көрүп турган чагы.

XS
SM
MD
LG