Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Ош облусуна караштуу Карасуу районунан да эки адам өлүмгө дуушарлантуучу күйдүргү илдетине шектелип, ооруканага жаткырылды. Учурда малдан жуккан ылаңдын очогу изделүүдө.

Карасуу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар боюнча дарыгери Абдуталип Рузматовдун айтымында, Нариман айылынан түшкөн Даарбек Шамуратовдун, Шакир кызы Мариананын акыбалы кыйла оор болгон. Экөө тең күйдүргү дартына шектелүүдө:

- Ооруканага оорулулар абалы орточо оору менен түшүшкөн. Азыр абалы жакшы. Күйдүргү оорусу деген шектенүү бар. Керектүү анализдерин алып, лабораторияга жөнөттүк. Азыр анализдери текшерилип атат. Бул оору менен ооруган оорулуулар бекер дарыланат,- деп билдирди Абдуталип Рузматов.

Жугуштуу оорулар боюнча Оштогу белгилүү адис Самат Бекмырзаев түштүктө катталган күйдүргү илдетинин адам өмүрү үчүн коркунучтуулугун төмөнкүчө белгиледи:

- Сибирь жарасы, же күйдүргү бул инфекциялык оору. Эки формада болот – ичегикарын жана тери формада. Адамдын температурасы көтөрүлөт, алсырайт. Ичеги карын формасында микроб ичине түшүп кетсе канга өтөт, канга түшкөндөн кийин ички органдардын бардыгын иштен чыгарып адамды майып кылып коет, өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Тери формасы да коркунучтуу дарт. Бул оору көбүнчө малдан жугат. Ал микроб 20, 50, 100 жыл жашашы мүмкүн. Ошон үчүн сибирь жарасына каршы эмдөө алыш керек.

15 жашар Шакир кызы Мариана коңшулары тараткан эттен жегендигин эстеп, бетине карарган боорду тартканда, көзү көгөрө түшкөндүгүн айтты.

Ал эми 27 жаштагы Даарбек Шамуратов мындай дейт:

- Коңшулар малын сойгондо кол кабыш кылган элем. Бир нерсе чаккансып, ара чолодо катуу тырмангам. Эртеси денемди күйдүргү өңдөнгөн жара оорутуп, этим ысыгандыктан доктурга алып келишти. Азыр температурам түшүп калды. Дарыгерлер акча сурабай эле жакшы карап жатышат.

Карасуу аймактык ооруканасынын директору Каныбек Муратов Нариман айылынын тургундары бүт текшерүүдөн өтүп жаткандыгын кошумчалады:

- Союлган жерде, этти элге таркатып берген айылдын бардыгы текшерүүдөн өтүп атат бүгүнкү күндө.

Түштүк аймактык ветеринардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абдымажит Эргешов Карасууда күйдүргүнүн кырк эки очогу катталгандыгын, анын ону алигүнчө тактала электигин, илдеттин алдын алууга атайын адистердин жетишпегендиги себеп болуп жаткандыгын айтты:

- Тажрыйбалуу ветеринардык дарыгерлердин баары башка мамлекеттерге кетип калды. Азыр бизде иштеп аткан ветеринардык дарыгерлердин 70 пайыздан ашыгы пенсия курагына келип калышты. Акыркы 92-жылдан бери бир дагы жаңы адис келген жок.

Ош облус губернатору Аалы Карашев күйдүргү дарты аралаган Өзгөндө жана Карасууда жергиликтүү бийлик кырдаалды жөндөй албагандыгын ачык сындады. Ага удаа медициналык, ошондой эле ветеринардык кызматкерлер атайылап маалымат таңкыстыгын түзүп жаткандыгын эске салып, мындай шалаакылыгы үчүн тиешелүү жетекчилерди тартипке чакырарын убада кылды.
XS
SM
MD
LG