Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Медициналык шартта шизофрения илдетинен эмчек рагына чейин генетикалык тесттерден өтүү мүмкүн болуп калды. Мындай тесттер дарыгерлер жана бейтаптар үчүн баалуу маалымат бермекчи. Бирок ошол эле учурда мындай маалыматтар туура эмес колдонулушу ыктымалдан алыс эмес. Маселен, кожоюн жаңы кызматчыны жумушка алардан мурда генетикалык тестирлөөнүн натыйжасын алдын-ала алса жана анда кандайдыр бир дарттын белгиси көрсөтүлсө, аны ишке албай коюшу да ыктымал. Буга байланыштуу укук коргоочулар генетикалык маалыматты сактоо тууралуу мыйзам кабыл алынышы керек деп эсептешет.

Генетикалык тестирлөөнүн авторлорунун бири, Вашингтондо негизделген Адам геномун изилдөө боюнча Улуттук илимий-изилдөө институтунун жетекчиси Фрэнсис Коллинздин “Жаңы Англия” медициналык журналында жакында эле макаласы жарык көрдү. Баяндамада доктор Коллинз АКШнын мыйзамдары менен технологиялык жетишкендиктерди айкалыштыруу күрөшү жөнүндө сөз кылат:

-Биз өз ДНКбызды тандай албайбыз. Ошондуктан ДНКбызды өзүбүзгө каршы колдонуу туура болоор беле? Бул маселе – теңдиктин, адилеттиктин маселеси. Бул – тиешелүү деңгээлде – адам укуктарынын маселеси.

Өткөн айда АКШ президенти Жорж Буш “Генетикалык маалыматты дискриминация үчүн колдонбоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам иш берүүчүлөргө адамдын генетикалык маалыматын аны кызматка алаарда же аны камсыздандыруу жаатында чечим кыларда колдонууга тыюу салат.

Доктор Коллинздин айтымында, мындай мыйзам азыркы учурдун талабына бир аз шайкеш келет. Себеби генетикалык маалыматтын туура эмес колдонулушу ыктымалдыгынан кооптонгон адам генетикалык тестирлөөдөн өтпөй коюшу мүмкүн. Бирок бул – жетишсиз. Коллинз келтирген жүйөөлөргө орун берсек:

-Көпчүлүк адамдар генетикалык тестирлөөдөн өтөрдүн алдында ысымын өзгөртүп алат. Атүгүл алар дарыгерлерден тест жыйынтыгын өздөрүнүн жекече медициналык документтерине каттабоону суранышат жана тест өткөрүлгөнү же өткөрүлбөгөнү тууралуу жалган маалымат берүүнү өтүнүшөт. Муну менен алар кандайдыр бир адилетсиз иш-аракеттен өздөрүн коргоого далаалат кылышат.

Ошол эле маалда генетикалык маалымат тууралуу АКШнын мыйзамы башка өлкөлөр үчүн үлгү боло алат. Маселен, АКШда жоокерлердин уруксаты болмоюн, эч ким алардын ДНКсын текшере албайт. Дагы бир санааркаткан жагдай – айрым өлкөлөрдө түйүлдүктүн да ДНКсын текшерип, анда болжолдуу оорунун белгиси байкалса, бойдон алдырып салышы ыктмал. Дегинкиси, генетикалык маалыматты жашыруун сактоонун оош-кыйыш жактары дагы да талаш-тартыш жарата бериши ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG