Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

8:15 Бүгүн кыйноолорго каршы күрөштүн дүйнөлүк күнү


БУУ жарыялаган бул күнгө карата кечээтен бери Кыргызстанда укук коргоочулар кыйноолорго каршы чакырыктар жазылган плакаттарды, футболкаларды, калемсаптарды таратышууда. Мындай иш чарага Еврокомиссия колдоо көрсөтүүдө. “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтымында, Кыргызстанда адатта кыйноолор жабык мекемелерде: түрмөлөрдө, убактылуу кармоочу жайларда, балдар үйлөрүндө, психикалык оорулууларды дарылоочу ооруканаларда жолугат. Акыркы эки жылда “Кылым шамы” запкы көргөн он адамдын ишин Жогорку Сотко чейин жеткирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG