Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

ЕВРОСОЮЗ ӨЗБЕКСТАНДЫ КӨЗ ЖУМДУГА САЛГАН ЖОК


Мындан үч ай мурда Евросоюз адам укуктары чөйрөсүндө Өзбекстанда айрым жылыштар байкалганын белгилеген эле. Бирок Өзбекстандын өзүнөн алынган маалыматтарда абал баштагыдан да начарлап кеткени,бийликтер эркин ойдун бардык түрүн жанча басып,басма сөзгө катаң цензура киргизип, көз карандысыз интернет- сайттарын жаап, аларга камал салып турганы айтылат. Жоон топ активисттерди түрмөдөн бошотуу тууралуу Евросоюздун талаптарын да өзбек өкмөтү таңазар алган жок. Мындай абал эки тараптын алакасына таасирин тийгизеби же ырасмий Брюссел мунун баарын бармак басты,көз кыстыга салып койобу?

Өзбекстанда укук коргоочу жана жарандык активисттерден он бир киши ар кандай мөөнөткө түрмөгө кесилип, камакта отурушат. Алардын баарын, анын ичинде 60 жаштагы Норбай Холжигитовду да Евросоюз атайын тизмеге алып, баарын абактан бошотууну Ташкенден талап кылган эле. Бирок өзбек өкмөтү буга кулак каккан жок. Болгону эки-үч кишиге гана мунапыс берилди, калгандары “террорчу” же “диний экстремист” аталып, жазасын өтөп жатышат.

Алардын ичинен Норбай Холжигитовдун абалы өтө оор экенин, кан басымы көтөрүлүп, колу-буту шал болуп калганын, абакта чогуу жаткандар аны сыртка көтөрүп чыгып, көтөрүп киргизип жатканын “Азаттыкка” ташкендик активист Абдурахман Ташанов кабарлады.

Мунун соңунан ”Азаттыктын” мурдагы кабарчысы Солижон Абрахмонов Нукус шаарында кармалып, ”наркоман” деп камалды. “Азаттыктын” өзбек редакциясында иштеген журналисттер тууралуу да жакында өкмөттүк телеканалда атайын программа көрсөтүлүп, алардын баары “өзбек мамлекетине каршы иштеп жаткандар” деп аталды жана журналисттердин өздөрүнө, бала-бакыралары менен урук-туугандарына чейин маалымат берилди.

Евросоюздун Борборазия боюнча атайын өкүлү Пьер Морел Өзбекстандагы абал көңүл сыртында калбаганына ишендирип, бул өлкөдөгү укук коргоочулар менен эркин журналисттерди, дегеле жарандык активисттерди куугунтуктоо фактыларын Брюссел бармак басты, көз кыстыга салып жатат деген ырастоолорду четке какты. “Эң эле оңойу – бул фактылар тууралуу айгай салып, эчтеме жасабай койгондо турат, -деп айтты ал “Азаттыктын” өзбек редакциясына. – Силер ойлогондой, ушундай кылса да болот.Бирок бу – биздин жол эмес. Биз талапчыл жолдобуз, бул кыйын жол, ошондуктан көңүл калган жана жарыбас натыйжаларга жетишкен учурлар аз болбойт”.

Морел Өзбекстандагы абал жакшырып кетти деп эсептегидей Евросоюз ошончолук эле “аңкоо эместигин” да кошумчалады жана бул өлкөнүн шартында ийненин көзүндөй жылт эткен жышаан деле ийгилик болорун эске салды.

Быйыл мартта Евросоюз Өзбекстанда адам укуктары чөйрөсүндө айрым жылымтыктар байкалганын белгилеп, ошол эле учурда Анжиан окуяларына байланыштуу ырасмий Ташкенге киргизген саясий санкциялар мөөнөтүн дагы алты айга узарткан.

XS
SM
MD
LG