Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

11:15 А. Мадумаров менен Э. Ибраимовага байланыштуу сот иши 3-июлга жылдырылды


ЖК экс-төрагасы менен “Акжол” фракциясынын мурдагы төрайымын укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдурасулова маалымат алууга чек койгондугу үчүн Бишкек шаардык сотуна беришкен. Апрель айында фракция менчиктештирүү, энергетика тармагы, Токтогул каскады тууралуу мыйзамдарды карап жаткан учурда байкоочу катары катышууну каалаган укук коргоочуларды чыгарып жиберишкен. Буга байланыштуу укук коргоочулар маалымат алуу эркиндигинин чектелгенине жана экс-төрага Адахан Мадумаров менен “Акжол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимованын мамилесине соттук териштирүү жүргүзүү өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. “Бүгүнкү сот экөөнүн келбей койгондугуна байланыштуу 3-июлга жылдырылды,” деп маалымдады доогерлердин бири Азиза Абдурасулова “Азаттыкка”. (ZKo)

XS
SM
MD
LG