Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

13:30 Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлоруна өзгөртүү киргизди


Парламент жайкы каникулга тарар алдында күнүгө бир нече маселелерди карап, бир топ мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө аракет кылууда. 2008-жылкы мамлекеттик бюджетке өзгөртүү киргизүүгө макулдук берген соң, депутаттар “Автордук укук” тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизип, интернет айдыңындагы каракчылыктын алдын алууга байланышкан мыйзам долбоорун жактырды. Мындан тышкары аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс берүү” тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды. Отурумда сөз сүйлөгөн адилет министри Марат Кайыповдун айтуусунда бул мыйзам адам укугу Декларациясынын кабыл алынгандыгынын 60 жылдыгына карата сунушталган. Анын белгилөөсү боюнча мыйзам күчүнө кирсе 35 киши эркиндикке чыгып, 272 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскарат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG