Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

ШАЙЛООДОН ЧЫККАН СОТТУК ТЕРИШТИРҮҮ УЛАНУУДА

  • Ырысбай Абдыраимов

25-июнда Жалалабат шаардык соту коомдук парламенттин облустагы өкүлү Жылдыз Эргешовага байланыштуу кылмыш ишин карады. Ал парламенттик шайлоо мезгилинде парламенттин депутаттыгына “Ата мекен” партиясынын атынан талапкер болгон. 16-декабрь күнү Жылдыз Эргешова шаардагы шайлоо участкалардын биринде кайталап добуш бермек болгон башка райондун тургунун паспорту менен кармап алган. Ал өзүнө коюлган кылмыш ишин саясий иш деп баалоодо. Бирок, мындай айыптоого ага иш козгогон тергөөчү макул эмес. Жабырлануучу менен күбөлөрдүн жоктугунан сот иши кийинкиге жылдырылды.

Коомдук парламенттин облустагы өкүлү Жылдыз Эргешованын билдирүүсү боюнча окуя парламенттик шайлоо күнү Жалалабат шаарында болгон. “Ата мекен” партиясынын облустук бөлүмүнө шайлоо бекеттериндеги мыйзамсыздыктар тууралуу маалыматтар түшкөндүктөн ал шаардагы шайлоо участкасынын бирине барган. Шайлоочулардын унаалар менен ташылып, түрдүү документтер менен добуш бергенине күбө болуу менен кошумча бюллетень алмак болгон кызды паспорту менен кармап алган. Паспорт ээсинин шаар тургуну эмес экени аныкталган. Ал тууралуу акт түзүлүп, тасмага тартылгандан кийин паспорт шайлоо участкасына тапшырылган. Бирок, соттук талкууга жабырлануучу менен күбөлөр келишкен жок. Жылдыз Эргешова алардын сотко катышуусун талап кылды. Анын айтымында жабырлануучу Орусияга иштөөгө кетерин мурда эле билдирген. Туура эмес иш кылганын айтып кечирим да сураган:

- Башка эч кимибиз далилдей албайбыз. Ушул жерде бетме-бет мойнума коюп берсе, анан мен ошого жараша жүрүш жасайат элем. Бул жерде жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы жөнүндө болуп аткан саясий иш.

Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү айыпталуучу паспортту үч күн бою ээсине бербегенин билдирди. Тергөөчү соттолуучунун «жабырлануучуну тартип сакчылары башка жакка атайылап жөнөтүп ийген» деп айткан дооматын четке кагып, ага тоноочулук кылган жана бирөөнүн документин тартып алган деген айып боюнча кылмыш кодексинин 167-жана 348-беренеси боюнча иш козголуп, ал иш сотко өткөрүлгөнүн телефон аркылуу билдирди.

Соттун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу Айжан Смадиярова жабырлануучунун көрсөтмөсүнүн негизинде ишти уланта берүүнү сунуш кылды:

- Жарандык процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык эгерде жабырлануучу Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен болсо, анын көрсөтмөлөрүн окуп жарыялоо менен иш боюнча тиешелүү жыйынтык чыгарууга болот деп көрсөтүлгөн.

Мындай сунушка соттолуучунун адвокаты Азиз Мурасатов кескин каршы чыкты. Анын айтымында кылмыш иши коомдук парламенттин өкүлүнө атайын уюштурулган. Жабырлануучу кайсы бир жерде жашынып жүрүүсү да ыктымал. Кыргыз телеси жабырлануучуну Бишкекте жол кырсыгына учурап, ооруканада жаткан мезгилинде көрсөткөн. Добуш берүүдө мыйзамды бузгандыгы үчүн жабырлануучу да жооп бериши керек деди Азиз Мурасатов:

- Делодо бул жакты карактап кетти, паспортун алып качып кетти деп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо талапкер катары мунун укугу бар экен ошол жакта жүргөнгө. Биздин дагы ага бере турган өтө көп суроолорубуз бар. Балким анын үстүнөн иш козгошубуз мүмкүн, соттон кийин талап кылабыз. Себеби алдамчылык менен кирип, өзүм билемдик кылып паспорту менен бюллетендерди таштап атат, - деген оюн угузду адвокат Азиз Мурасатов.

Тараптардын пикирин эске алган соттун төрайымы Элмира Сулайманова эмки талкуу 8-июлда улантылаарын жарыя кылды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG