Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

Амирбек Усманов, Прага Америкалык серепчи Ариэль Коэндин басылган макалада жазышынча, АКШ Ирак менен алек болуп жатканда, Евроазиядагы геосаясаттын узак жылдардан берки чемпиону жана «шахмат- гроссмейстри» Россия уран жана башка кен байлыктары үчүн болгон жарышта АКШ жана Кытайдан озуп барат. Ал эми Майкл Ослиндин пикиринче, АКШнын келерки президенти Москванын жортуулун токтотпосо, Азиядагы демократияга коркунуч жаралат. Россия атүгүл дүйнөнүн эң ресурска бай регионунда жакынкы жылдары АКШга чакырык ташташы мүмкүн.

Ариэл Коэн - дүйнөдөгү эң белгилүү Heritage фондунун улуу илимий кызматкери. Майкл Ослин- башка бир консервативдүү American Enterprise институтунун илимпозу. Бул эки серепчи «Вашигтон Таймс» жана «Wall Street Journal Asia» гезиттеринде удаа чыккан өз макалаларында Россия азыр Монголиянын экономикалык мейкиндигине туруктуу конуш алуу үчүн астейдил аракеттенүүдө.

Монголия таш көмүргө, жезге жана уранга бай өлкө. Кытайда жана Индияда nабигый байлыктарды, анын ичинде уранды керектөө өсүп бараткандыктан Евроазиянын, ошондой эле Монголия, кен байлыктарына болгон талап дагы курчуйт.

Монголия керектеген мунайынын 90 процентин Россиядан алат. «Роснефть» соңку үч айда мунайдын баасын эки ирет көтөрүп, натыйжада Монголияда анын баасы дээрлик 40 процентке кымбаттатты. «Роснефть» айтканга караганда, монгол өкмөтү өлкөдө мунай сатууну аларга берсе, бааны төмөндөтүүгө макул.

Монгол жетекчилиги Россия менен терең экономикалык кызматташуу өлкө үчүн пайдалуу деп ачык айтышканы менен, Москванын Батыштык компаниялардын Монголияга көп инвестиция салуусуна каршылык көрсөткөнүн сезишкенин алар купуя сүйлөшүүдө мойнуна алышат, деп жазат Майкл Ослин. Бул серепчинин жазышынча, Монголиядагы, ошондой эле Азиядагы демократиянын өнүгүшүнө коркунуч туудурат. Эмне үчүн? Майкл Ослин:

- Өткөн жылы Россия газдын баасын көтөрүү ыкмасын Украинага, ошондой эле Грузияга колдонгон. Эми баа саясатын Монголияга да колдонду. Эгер Москва муну туруктуу саясатка айлантса, анда мунай-газды башка өлкөлөргө да ийгиликтүү колдоно башташы ыктымал. Бирок, мен бул болот деп, бул 100 процент болот деп кепил өтүп жаткан жокмун. Антип да ойлобойм.

Азыр Россия Монголиянын Кытайдан кийинки эң чоң соода өнөгү. Бул тенденция улана берсе, Монголия Россиянын экономикалык саттелитеине айланышы ыктымал. Чындап эле Россия Монголияны өзүнө экономикалык жактан көз каранды кылып алууга жетишсе, анда бул тактикасын Борбор Азия мамлекеттеринде да колдонууга аракет кылышы мүмкүн, деп кооптонот талдоочу. Россия же башка да экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн чакан өлкөлөргө каршы андай ыкманы колдонусуна жол бербөө үчүн эмне кылуу керек? Экономикасы өнүккөн өлкөлөр экономикалык атаандаштыкты, эркин сооданы колдоого тийиш, дейт Майкл Ослин:

- Бир да өлкөгө, Россия же башка экономикасы кубаттуу мамлекет, айрыкча, өз экономикасын өнүктүрүү үчүн күрөшүп жаткан чакан өлкөгө кысым көрсөтпөөсү зарыл. Чакан өлкөлөрдүн тандоосу мүмкүнчүлүк берүү абзел.
XS
SM
MD
LG