Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

ГЕРМАНИЯЛЫКТАР ФИНАЛГА ЧЫГЫШТЫ


Кечээ 25-июнда түнү Европа чемпионатынын жарым финалында түркиялыктар менен германиялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болуп, мында германиялыктар 3:2 эсебинде жеңип, финалга чыгышты. Бүгүн 26-июнда экинчи жарым финалдык беттешүүдө орусиялыктар менен испаниялыктар мөрөй талашат.

Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында биринчи жарым финалдык таймашууда Түркия командасы негизги атаандашы Германия футболчулары менен беттешти. Натыйжада биринчи таймдын 23 мүнөтүндө түркиялык Угур Борал эсепти ачып, германиялыктардын дарбазасынын торуна топту түшүрдү.

Германиялыктар дагы жооп кылып, үч мүнөттүн аралыгынада эсепти теңдешти. Бул ирет германиялык жарым коргоочу Бастиан Швайнштайгер айырмаланды. Оюндун биринчи бөлүгү 1:1 эсебинде тең аяктады.

Жарым финалдык беттешүүнүн экиничи бөлүгүндө германиялык чабуулчу Мирослав Клозе эсепти 2:1ге өзгөртүп, командасын алга сүрөдү. Ошондой эле түркиялык чабуулчу Семих Шентүрк эсепти кайра теңдей алды.

Ушундай кызыктуу оюн учурунда кыргызстандык футбол күйөрмандары үчүн телекөрсөтүүнүн түз алып берүүсү техикалык себептерден улам бир нече жолу үзүлүп, абдан бушайман болушту.

Мөрөй талашуунун акыркы мүнөттөрүндө германиялык коргоочу Филипп Лам жеңиштүү топту киргизүү менен Германия курамы 3:2 эсебинде Түркияны утуп, финалга баш байгеге талапкердин бири болуп чыкты.

Кыргызстандын уландар тандалма командасынын жана «Дордой-Плаза» командасынын башкы машыктыруучусу Токтогон Элтиновдун пикиринде германиялыктар чеберчилигин көрсөтүү менен жакшы ойноп, финалга татыктуу чыгышты:

- Чынында эле германиялыктар Европада футболдун мыкты командаларынын бири экенин далилдеп койду. Алар чечүүчү учурда гана уюшкандык менен ойноп, намысты колдон чыгарышпады. Айрыкча алардын күч- кубаты, тажрыйбасы жетиштүү экени көрүнүп, дароо жооп кылып, чеберчиликти далилдешти. Германиялык Клозе, Баллак, Лам жана Подольски чеберчиликтерин көрсөтүп, мыкты ойноду.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу, түркиялык Режеп Йүрүмездин айтымында, мелдеш курч мүнөздө өттү, бирок түркиялык футболчуларды калыстар көп жолу басынтып коюшту:

- Бул ирет дагы түркиялыктар жарым финалда чеберчиликтерин, катылуу жаткан күч- кубатын көрсөттү. Алар быйыл башында начар ойногону менен чечүүчү таймашууларда жакшы ойноп келишкен болчу. Бул ирет мыкты оюнчулар жаракат алып калышкандыктан футбол талаасына чыгышкан жок. Биздин футболчуларга Европа чемпионатында жарым финалга чейин жеткенине ыраазыбыз. Бирок алар бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жиберишти. Ошондой эле калыстар дагы калыстык кылышкан жок. Биздин команданы басынтып коюшту.

Бул жарым финалдык беттешүүнү Кыргызстандын улуттук телерадио корпорациясы күйөрмандарга түз алып көрсөттү.

12 жаштагы жаш футбол күйөрманы бишкектик Урмат Жыргалбек уулунун айтымында ортодо телекөрсөтүү үзгүлтүккө учурап, оюнду жакшы көрө албай калды.
КТРдын футболдук баяндамачылары Кубан Атабеков менен Алмаз Раимжанов беттешүүнү баштан аяк баяндап беришти:

- Ошентип германиялыктар түркиялыктарды 3:2 эсебинде жеңип, баш байгеге талапкер катары финалда ойномок болду.

Эми бүгүн 26-июнда экинчи жарым финалдык беттешүүдө Испания менен Орусиянын футболчулары беттешет.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алмаз Касеновдун пикиринде Орусиянын жарым финалга чыгышы кыргызстандык күйөрмандарды дагы кубандырган, эми орустардын Испания менен жарым финалдык беттешүүсү да кызыктуу өтчүдөй. Себеби алар мурда да беттешип, 4:0 эсебинде испаниялыктар жеңип алышкан. Бул жолу орустар өчүн алышы мүмкүн. Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG