Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

А.БЕКБОЛОТОВ: ОРУСИЯ ФУТБОЛЧУЛАРЫ ЧЕМПИОН БОЛУШУ МҮМКҮН


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Ошентип бул күндөрү Австрия менен Швейцарияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын аяктаарына да саналуу күндөр калды. Белгилүү болгондой кечээги беттешүүдө Германия командасы Түркиялык атаандаштарын 3:2 эсебинде утуп, финалга чыкты. Бүгүн болсо Венада Орусия менен Испания командалары беттешмекчи. Мына ушул футбол оюндарынын тегерегинде Кыргызстандын футзал боюнча ассоциациясынын вице-президенти Адылкан Бекболотов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Кечээги таймаш эмнеси менен эсте калды, оюн купулуңузга толдубу?

Өзүңөр көрдүңөр кечээ оюн өтө курч мүнөздө өттү. Себеби жарым финалга чыккан командалар Европанын эң күчтүү командалары чыкты.Бул чемпионат эң кызыктуу чемпионаттардын бири болду. Мисалы, Португалия, Голландия чемпион болот деп аткан командалар, Франция, Италиянын дүйнөлүк чемпион командалары утулуп калды. Ошон үчүн Европанын командаларынын өсүп аткандыгы билинип турат. Азыр болсо Түркия полуфиналга чыгат деп эч ким ойлогон эмес. Европада бүт командалар бирдей болуп калды, ар бир Европанын командасынан ар кандай сюрприздерди күтсө болот.

- Түрк футболчулары да кечээги оюнда мөройдү бербегенге катуу аракет кылышып, акыркы мүнөттөргө чейин эсепти теңдеп келишти. Бирок акырында жеңилип калды. Ушул түрк футболчуларынын бул чемпионатка даярдыгын, оюндарын кандай бааладыңыз?

Түрк футболчуларынын командасынын жарым финалга чыккан себеби, бул капысынан эле болгон жок. Себеби, Түркияда футбол федерациясы өзүнүн өлкөсүндө футболго аябай чоң каражаттарды жумшап атышат. 10-15-жыл мурун мамлекеттик программа менен кеткен, азыр эми ошонун жыйынтыгы болуп атат. Кореяда болгон дүйнө чемпиондугунда Түркиянын командасы үчүнчү орунду алганы да капысынан эмес.

- Адылбек мырза, бүгүн Орусия менен Испания командалары беттешмекчи. Сиздин оюңузча финалга кимиси чыгышы ыктымал?

Биз СССР убагында жашап калдык, биз орустардын тилин билебиз. Биз ойлогонубуз менен азыр Орусиядан баарын күтсө болот. Себеби, өзүңөр биринчи оюнду көрдүңөр, Испания менен ойногондо 4:1 менен утулуп калды. Андан кийинки оюндарында жакшы ойношту.

- Орусия командасынын мүмкүнчүлүктөрү кандай бүгүнкү таймашта?

Орусиянын командасында жарым-жартылай мүмкүнчүлүк бар. Бирок мен ойлойп атам, Орусиянын командасы утат, финалга чыгат деп.

- Сиздин божомолунузда кайсы өлкөнүн командасы чемпион болушу мүмкүн?

Азыр баары болушу мүмкүн. Германия финалга чыкты. Орусиянын командасы бүгүн утса, алар Европанын чемпиону болушу мүмкүн.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG