Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Бүгүн кыйноолорго каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күнгө байланыштуу Кыргызстанда да бир катар иш-чаралар өтүүдө. Бул жааттагы маселелер тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси, белгилүү укук коргоочу Азиза Абдырасулова жооп берди.

- Бул күнгө байланыштуу бүгүн Кыргызстанда кандай иш чаралар өтмөкчү?

- Биз бир ай бою кыйноолорго каршы күнгө карата бир нече иш-чараларды өткөрүп атабыз. Республикалык деңгээлде бардык РОВД, ГОВДларга окутуу сабактарын өткөрдүк. Ошондой эле кечээ атайын жазуулары бар футболкаларды, плакаттарды жасап чыгарып, бүгүн бир нече укук коргоочулар шаарда жана республиканын жер-жерлеринде плакаттарды РОВДларга берип, илип чыгабыз. Элдин көңүлүн бүгүнкү күнгө буруунун аракетин жасайбыз. Андан башка бир нече тегерек үстөлдөр, конференциялар өттү бул темага карата.

- Сиздер адам укуктарына байланышкан жагдайга, абактардагы абалга да такай байкоо салып келесиздер. Кыйноолорго байланышкан жагдай азыр Кыргызстанда кандай?

- Бүгүнкү күндө кээ бир тармактарда бир аз алдыга жылуулар, өзгөрүүлөр бар деп айтсак болот. Адилет министрлиги жетектеген ГУИН тармактарында, түрмөлөрдө кармап туруучу шартын эске албаганда, түздөн-түз кыйноолор бир топ азайып калды деп айтсак болот, мониторинг көрсөтүп атат. Ал эми бүгүнкү күндө кыйноолор, уруп-сабоолор өтө көп учураган тармак бул ички иштер министрлигинин тармагы болуп атат. Айрыкча биринчи кармалган сааттарда. Биринчи кармалган эки сутканын ичинде өтө чоң кыйноолорго учурап калгандар болуп атат. Бул жөнүндө биздин өтө көптөгөн далилдерибиз бар.

- Мурдагы жылдарга караганда бул жаатта өзгөрүү барбы?

- Ички иштер министрлиги жагынан таптакыр өзгөрүүлөр болбой атат. Биздин өкүнгөнүбүз ушул болуп атат, алыскы региондордо биз эл менен жолугуп маектешкенибизде, алыскы региондо иштеген милиция кызматкерлери элге жакын экени байкалып атат. Ал жактарда убактылуу кармоочу жайларында дагы адамдар аз. Негизинен өзүнүн кылмышын мойнуна алгандар уруп-сабоого кабылган жокпуз деп түз эле жооп берип атышат. Ал эми көбүнчө кыйноолор, уруп-сабоолор цивилизацияга, башкача айтканда чоң шаарларга, облустарга жакын, Бишкектин ичинде аябай көп. Бул кыйноонун дагы өтө көп түрлөрү бар. Башына противогаз, пакет кийгизүү, электр шок менен тарттыруу, уруп-сабоо, жыныстык катнашка мажбурлоо сыяктанган терс, жаман көрүнүштөрүнүн көпчүлүгү тилекке каршы Бишкекте жолугуп атат.

- Ошол кыйноолордун кайсы түрү көбүрөк колдонот бизде?

Акыркы кездерде уруп-сабоодон денесине көп так калып калат, анан уруп-сабоону колдонбостон адамды өтө кыйноого учураткан адамдын башына целлофан пакет кийгизүү болуп атат. Аны кийгизгенде бир ваакум пайда болот дагы, дем алалбай калат жана денесинде көк калбайт. Бүгүнкү мени урду-сабады, кыйнады дегендердин дээрлик 70-80 пайызы ушул жол менен болуп атат. Ушул кыйноону далилдегенге да өтө кыйын, адамды өтө кыйнап, кээ бир убактарда биз психологиялык жабыркаган, же ооруга дуушар болгон жаш балдарды, аялдарды учуратып атабыз.

- Ошол кыйноолорду токтотуу үчүн эмне кылыш керек. Дегеле токтотуу мүмкүнбү азыркыдай шартта?

Токтотуу албетте мүмкүн. Көп эле мамлекеттер бар ушундай кыйноолорду таптакыр колдонбой, кыйноолордон таптакыр баш тарткан. Мыйзам деңгээлинде, улуттук деңгээлде биз кыйноодон баш тарттык десек болот. Мыйзам кыйноолорго таптакыр чек койгон, Конституцияда дагы жазылган Кыргызстанда кыйноо колдонулбайт деп. Жакында кыйноолорго карышы конвенциянын факультативдик протоколун биздин парламент ратификациядан өткөрдү, президент кол койду.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG