Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Кыргызстандын медиа өкүлү болуп Илим Карыпбеков шайланды


Шайлоону Медиа өкүлчүлүктүн он эки кишиден турган Байкоочу Кеңеши жүргүзүп, Илим Карыпбековдун талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды. Кыргызстандын медиа өкүлүнө андан тышкары эки адам: Акыйкатчы институтунун кызматкери Барнахан Сабирова, “Журналисттер” коомдук уюмунун жетекчиси Марат Токоев талапкерлигин койгон. Илим Карыпбеков буга чейин “Медиа өкүлчүлүгү” институтунун жетекчиси болуп иштеген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG