Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

17:21 Жалалабатта кыйноолорго каршы дүйнөлүк күнгө байланыштуу иш-чаралар өттү


Акцияны облустагы адам укугун коргоочу «Адилеттик» уюму уюштурду. Уюм зордук-зомбулуктар менен кыйноолорго каршы кантип күрөшүүнүн жол-жобосун үйрөткөн эскерткичтерди бейөкмөт уюмдар менен облус борборундагы жарандарга таркатышты. Облбийлик менен прокуратуранын жана соттун дубалдарына атайын плакаттарды чапташып, облсоттун жана прокурордун орунбасарларына аталган күн тууралуу жеңи чолок көйнөктөрдү тапшырышып, жергиликтүү сыналгы үчүн адам укугун коргоо тууралуу көрсөтүү даярдашты. Ал тасма шаардын борборундагы көчө сыналгысынан да көрсөтүлө турган болду. Жыл башынан бери уюмга кыйноолор тууралуу 8 адамдан кайрылуу түшкөн. Ушундай эле акциялар Базаркоргон, Аксы, Ташкөмүр аймактарындагы түйүндөрүндө болгонун уюмдун маалымат кызматы билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG