Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

17:27 Ысыккөлдө баңгилик күчөдү


Каракол шаарындагы СПИДге каршы күрөшүү борбору 26- июнда белгиленген баңгилик менен күрөшүү күнүндө 14 адам ашынган наркоман экенин ачыктады. Ал эми облустук ички иштер башкармасынын талдоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Молдоканов жалпы 118 киши катталып, бүгүнкү күнгө 114 кишинин үстүнөн кылмыш иш козголгонун билдирди. Атайын баңгизат тарттырып, аны сата турган 3 үй кармалды. Өткөн жылы нашаа менен колго түшкөндөр 40-45 кг. көргөзсө, быйыл 50-55 килограммга чеийн жетти. СПИД боборунун координатору Шаршекан Бакеева мындай өсүш - облустук саламаттыкты сактоо башкармасынын жана наркологдордун кескин кыскартылганынан деп эсептейт. Ысыккөл боюнча 2800 гектардай аянт каракуурай баскан жер деп эсептелсе өткөн жылы анын 2 жарым миңдей гектары жок кылынган. Адистер быйылкы кургакчылыктан улам жаңы өскөн баңги чөптөрүн азайтуу эми ыңгайлуу болуп атканын белгилешти. (RB)

XS
SM
MD
LG