Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

БЮДЖЕТ ӨЗГӨРТҮЛДҮ, ОРФОГРАФИЯ ОҢДОЛО ТУРГАН БОЛДУ


26-июнда Жогорку Кеңеш 2008-жылдын бюджетине кошумча жана өзгөртүүлөр киргизди. Бул бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жасалды. Мындан сырткары депутаттар кыргыз орфографиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтомду кабыл алды.

Бир жуманын ичинде парламент эки жолу пленардык отурумга чогулат. Бул жумадагы биринчи сессиясына чогулган депутаттар алгачкы жарым саатта региондордогу көйгөйлөр тууралуу көргөн-билгенин ортого салды. Маселен, депутат Махамаджан Мамасаидов кургакчылыктын айыл чарбасына тийгизип жаткан зыяны жана жолдордун сапатсыз ремонттолуп жатканына көңүл бурууга өкмөттү чакырса, Жангороз Каниметов Кумтөр маселесин көтөрүп, ага түздөн-түз тиешеси бар “Кыргызалтын” жетекчилиги эмне кылып жатканын жана алар бул маселе боюнча жооп берүүгө тийиш деген оюн ортого салды. Мына ушундай пикирлер айтылгандан кийин парламент быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кароого киришти. Өзгөртүүлөрдүн негизги параметрлери тууралуу каржы министри Тажикан Калимбетова буларды билдирди:

- Жыйынтыгында республикалык бюджеттин кирешеси 1.5 миллиард сомго көбөйдү. Ал эми чыгашабыз 2 миллиард 600 миллион сомго көбөйүүдө. Чыгашага мурда төлөнбөй калган карыздар кошулууда.

Ал чыгашалардын ичинде мугалимдердин эмгек стажы үчүн төлөнө турган 218 миллион сом жана мындай акылар боюнча өкмөттү соттон утуп алган мугалимдерге дагы бериле турган 300 миллион сом бар. Өкмөт ошондой эле буудай сатып алууга 300 миллион сом, айыл чарба министрлигине 218 миллион сом кошумча берүүдө.

Бюджеттин кирешеси болсо бажы тармагы 420 миллион сом, салык инпекциясы 425 миллион сом көп жыйнашы жана Улуттук банктын кирешеси 700 миллион сомго көбөйшү менен 1.5 миллиард сомго көбөйдү.Депутаттар мындай өзгөртүүлөрду колдоп добуш берди.

Каржы министринин айтымында, сентябрь айында бюджетке дагы өзгөртүү киргизилиши күтүлүүдө. Анда Камбарата ГЭСинин курулушуна каражат бөлүнмөкчү.

Андан кийин депутаттар кыргыз тилинин орфографиясы жөнүндө токтомду жактырды. Бул токтом аркылуу жазуу эрежесине кандай өзгөрүүлөр кирери тууралуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча президент алдындагы комиссиянын башчысы Ташбоо Жумагулов буларды билдирди:

- Жер-суу аттары мурун бөлүнүп, өз алдынча жазылчу. Жаңы эреже боюнча чогуу жазылып калгандан кийин көптөгөн сын-пикирлер болуп, республикабыздын булуң-бурчунан каттар келип жатты. Ушу, бириктирип жазганда айрым тамгалар тушүп калып атты, айрым учурда маанисин жоготуп коюп жатты.Ошондуктан таза жазыш үчүн, катасыз жазыш үчүн жана бизге ыңгайлуу болуш үчүн жер-суу аттарын бөлүп жазсак туура болчудай.

Узакка созулбаган суроо-жооптон кийин депутаттар бул токтомду кабыл алып берди. Эми сентябрь айынан баштап мектеп жана башка окуу жайларда жер-суу аттары мурункудай бөлүп жазылары окутула баштайт. Маселен, 2002-жылы киргизилген эреже боюнча Ысыккөл, Төөашуу, Алабел,Каражыгач деп жазылып келсе, эми жаңы эреже боюнча мурункудай эле Ысык-Көл, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Кара-Жыгач деп бөлүп жазыла баштайт.

Депутаттар Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу суроо бергенде, Ташбоо Жумагулов мындай жообун берди:

- Биз өкмөттүн чоң токтомунун долбоорун даярдап, өкмөткө тапшырдык.Эгерде ошол токтом кабыл алынса мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча чоң секирик болчудай болуп турат. Андан сырткары 2008-2011-жылга чейин мамлекеттик тилди өрчүтүү жана кеңири жайылтуу боюнча концепцияны иштеп чыктык. Токтом кабыл алынгандан кийин ал концепция президенттин жардыгы менен бекитилет. Анда коюлган маселени милдеттүү түрдө аткарууга мажбур кыла турган саптар бар. Менимче мына ушундан кийин бир топ иштерибиз алга жылат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG