Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Таласта жергиликтүү бийликтин буйругу менен МАИ кызматкерлери Талас-Бишкек каттаган таксистерди, жүргүнчүлөрдү Талас базарынан эмес Таластагы автобекеттен ташыйсыңар деп мажбурлашууда. Мындай жагдайдан улам МАИ кызматкерлери менен таксистердин ортосунда келишпестиктер күндөн күнгө күчөп, эки тараптын ортосунда араздашуулар ачыка чыга баштады.

Жогоруда айтылган Таластагы автобекетке барып, айдоочулар менен сүйлөшүп турганыбызда, МАИ кызматкерлери үч автоунаалары менен келип, таксистердин айдоо күбөлүктөрүн текшере башташты.

Чынында эле МАИ кызматкерлери айдоочуларга орой мамиле жазашып натыйжада МАИ кызматкери менен таксисттердин ортосунда жаңжал да чыгып кетти.

Негизи бул келишпестик эмнеден чыкты? Талас Бишкек каттаган таксистер мурда Талас шаарынын базарынан Бишкекти көздөй жүргүнчүлөрдү ташып келишкен. Былтыркы жылдын октябрь айынан баштап МАИ кызматкерлери жергиликтүү бийликтин буйругу менен деп алардын баарын Талас шаарынын күн батыш жагындагы автобекеттен каттагыла деп, таксистерди ошол жакка кетиришкен.

«Элдер базардан кеткенге көнгөн, автобекетке элдер көп келишпейт» дейт үч жылдан бери Талас-Бишкек жүргүнчүлөрдү ташып келген айдоочу Кумарбек:

- Мына автобекетте Бишкеке кеткенге какыйып 20 машине эле турат. Автобекетти карасаң бир машине жок ачык айтканда.

Талас районун тургуну айдоочу Белек Садырбаев мунун баарын бийлик башчылар баштап, өздөрү бул ишти чийки карашкандыктан ушундай жагдай түзүлүүдө дейт:

- Администрациядагылар эмне кылып жаткандарын өздөрү билишпейт. Иши кылып бизди бул жерге сүйрөп келип таштап койду. Бул жерде дайыма иштеп жаткандар турабыз, ал эми тетиги жерде эмне болуп жаткандарын өздөрү деле билбейт. Ал жерде попутчиктерди МАИлер кармап алса, жүз сом берип койсо койберип жиберет дейт.


Талас-Бишкек каттаган жүргүнчүлөрдүн пикирин угуу максатта, чакан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө:

- Атым Советбек Абылгазиев. Бакайатанын Кызылоктябрь айылынан болом. Автобекеттен кеткени туура да, анткени ал жакта тартип жакшынакай болуп калды.

- Гүлкайыр Аттокурова, Таластын тургунумун. Эми ар кимге ар кандай, бирөө базардан кеткенди жакшы көрөт, бирөө автобекеттен кеткенди жакшы көрөт. Эки жагынан тең кете берсе жакшы эле болмок.

Талас базарында Бишкекке кете турган автоунааны издеп таппай жаткан Мидин Жолдошев автобекетке барганга дагы 10 сом кошуш керек деп, базардан кеткен эле ыңгайлуу экенин айтууда:

- Базардан автобекетке 10 сом кошулат. Бул жер эле оң го, жолдун кашында.

Сурамжылоо ушундай болду.

Облустук мамлекеттик автоинспекциясынын башчысы Эмиль Абдиевке кайрылып, жогорудагы айдоочулар менен МАИ кызматкерлеринин араздашуусу базардан каттайбыз дегендиктенби, же МАИ кызматкереринин орой мамилесинен ушундай келишпестиктер түзүлүп жатабы деген сурообузга, бул жерде нааразычылык жок деп бийликтин буйругун гана аткарып жакандарын айтты:

- Нааразычылык деле жок. Биз болгону өзүбүздүн милдетибизди аткарып жатабыз. Губернатордун буйругу бар. Баардык жүргүнчүлөрдү ташыган транспорттор автобекеттен кетиш керек деген. Автобекеттен атайын орун берилген буларга.

Аталган буйрук менен таанышуу максатта Талас шаардык администрацияга барып, мэрдин биринчи орун басары Рустан Осмоновго кайрылганыбызда, базардын ичинде автоунаа көп болуп башаламан болгондуктан ушундай чечимге келдик дейт:

- Кишилер басканга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, ошол жердеги тратуарлардын баардыгы машине менен тосулгандыктан, мэрия тарабынан 664-токтомдун негизинде кабыл алынып ошол жердеги Бишкеке каттаган автоунаалардын баардыгы автобекетке жөнөтүлгөн болчу.

Таласта Талас-Бишкек каттаган автоунаанын саны бүгүнкү учурда жалпы эсеп менен 400дөн ашты.
XS
SM
MD
LG