Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

АКШ менен Ирак америкалык аскерлердин Иракта туруусунун шарттары боюнча соңку айларда татаал сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген эле. Маалыматтарга караганда, АКШ азыр айрым маселелер боюнча мунасага барды. Ирак кабыл алгыдай макулдашууга жетүү ишинде жылыш бар экенин эки өлкөнүн президенттери Жорж Буш менен Жалал Талабани кечээ Ак үйдөгү жолугушуусунда ишара кылышты.

Күчтөрдүн статусу жөнүндө макулдашуу ( Status of Forces Agreement) деп аталган документ АКШ аскерлеринин Иракта туруусу үчүн айрым бир эрежелерди белгилейт. Ирак президенти Жалал Талабани менен Ак үйдүн сүйрү залында жарым саатка созулган жолугушуудан кийин АКШ президенти Жорж Буш кечээ кабарчыларга төмөнкүлөрдү айтты:

- Биз стратегиялык келишимдин Ирак өкмөтүн канааттандыргыдай чен -өлчөмүн талкууладык. Биз шайлоолор, кабыл алынган бир катар мыйзамдар жөнүндө сөз кылдык. Мен президентти жигердүү иши, парламенттин быйылкы сессиясы өтө ийгиликтүү болушу үчүн көз салганы үчүн чын эле мактадым. Биз Ирактын экономикасы оңолуп бара жаткандыгы жана адамдардын мамилеси өткөн жылдары ченемсиз жакшырганы жөнүндө сөз кылдык.

Эки өлкө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Ирак кабыл алгыдай макулдашууга жетүү ишинде алдыга жылганын президент Жалал Талабани да ишара кылды:

- Мен ага (президент Бушка ) кошулам. Биз АКШ жана Ирак ортосунда макулдашууга ээ болуу үчүн, ошондой эле өз ара кызматташтыгыбызды, террорчулукка каршы күрөштү, Иракта жана Жакынкы Чыгышта демократияны алга жылдырууну улантуу үчүн чогуу иштеп жатабыз. Биз мындай улуу өлкөдө жакшы досторубуз бар экендиги үчүн сыймыктанабыз.

Вашингтон менен Багдад америкалык аскерлер Иракта, жыл соңунда Улуттар уюмунун мандаты аяктагандан кийин да туруусу үчүн Күчтөрдүн статусу жөнүндөгү макулдашууну быйыл июль айынын аягына чейин түзүүгө үмүттөнүп жатышат. Келишим аскерлер менен байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Демек эки президенттин кечээги жолугушуусундагы комментарийлерге караганда, буга чейин татаал болгон сүйлөшүүлөрдө прогресс бардай. Маселен ушул айдын башында Ирактын премьер- министри Нури Ал-Малики эки тарап АКШнын коопсуздук чөйрөсүндө иштеген аскерий эмес контракчылары тигил же бул кылмышы үчүн айыпталып калса, ирактык мыйзамдар жайылтылбасын деген талабынан улам туңгуюкка кептелгенин билдирген эле. Эми маалыматтарга караганда, АКШ мындай талабын артка алды.

Ирак өкмөтү ошондой эле АКШ күчтөрү кандай аскерий операция өткөрбөсүн күн мурунтан маалымат берүүсүн көздөөдө. Бул талаптын статусу келишимде кандайча аныкталары азырынча беймаалым.
Күчтөрдүн статусу жөнүндөгү макулдашууну АКШ буга чейин эле 80дей өлкө менен түзгөн. Ага ылайык, америкалык аскерлерге жергиликтүү мыйзамдар жайылтылбайт.

Ирак менен түзүлүп жаткан макулдашуу болсо АКШнын өзүндө да тынчызданууларды жаратууда. Коомчулукту Иракта америкалык аскерлер канчага чейин турууга милдеткер, алардын Иракты коргоодогу ролу кандай болот деген маселелер камтамага салууда. Анын үстүнө Кошмо Штаттарда келерки январда жаңы президент ишке киришет. Ал өзүнөн мурдагы жетекчи макулдашкан келишимди сөссүз сакташы керекпи. Бул да суроо жараткан маселе.

Мурдараак Буштун администрациясы АКШ күчтөрү Иракты коргоосун сунуш кылышкан болчу. Эми маалыматтарга караганда, вашингтондук сүйлөшүүчүлөр америкалык аскерлердин вазийпасын ирактык күчтөргө өзүн өзү коргоосу үчүн жөн гана жардам берүү менен алмаштырууну караштырып жатышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG