Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:40

Кубат Чекиров, Прага Статистикалык маалыматтарга караганда, Орусияда боюнан алдыруу дүйнөдөгү жогорку көрсөткүч бойдон калууда. Бирок совет учурундагыдай орточо алганда бир аял өз өмүрүндө жети жолу боюнан алдыргандай учурлар азайды. Саламаттык сактоо боюнча эксперттердин баамында, боюнан алдыруу ошентсе да Орусияда кош бойлуулуктан кутулуунун башкы аргасы бойдон калууда. Бул өлкөдө жыныстык тарбия таалим мектептерде берилбейт, ошондуктан жаштар контрацепция, башкача айтканда бойго бүтүрбөөнүн каражаттары жөнүндө көп нерсе билишпейт.

«Боюнан алдыруу оңой-олтоң иш деп ойлогон жаш келиндер жаңылышат. Аборт жөн эле операция эмес. Бул аялдар үчүн психологиялык терең трамва. Бул үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөрдөн келип чыгышы мүмкүн. Андай аялдар иште тыныгуу жасап, каякка эмнеге барарын элден жашырууга аргасыз. Кан тапшыргандын анализдери кымбат турат. Бул - аялга физикалык жана моралдык кыйноо алып келген операция. Мен бул туура чечим деп ойлобойм».

Бул сөздөрдү айткан Диляра Латипова – Татарстанда гинеколог болуп иштейт. Ал өзүнүн чейрек кылымдан ашуун тажрыйбасында көп нерселер тыюу салынган Советтер Союзундагы учурга салыштырмалуу үйбүлөнү пландаштырууга карай айрым деңгээлде жылыштар бар экенин байкап келатат.

Бирок анын айтымында кырдаал идеалдуу болуудан али алыс. Көптөгөн аялдар үчүн совет доорунунун калдыгы болгон аборт кош бойлуу болуудан сактануунун кеңири жайылган жолу бойдон калууда. Үй бүлөнү пландаштыруунун башка жаңы толуп жаткан жолдору бар экенине карабастан, Латипованын айтымында, кымбатчылык кыйынчылыгынан жана коомдо түшүнүктүн тайыздыгынан, маалыматтын аздыгынан улам көптөгөн аялдар бойдон алдыруунун башка жолдорун билишпейт.

"Бойго бүтүрбөй турган каражаттар аптекаларда толтура сатылат. Бирок менин оюмча алар кымбат, бир айга керектүүсү 500-600 рубль. Бир ай абдан кыска убакыт. Студенттер менен жаш кыздардын каражаты буга жетпейт. Көп кыздар бул жөнүндө ачык айткандан жана энесинен акча сурагандан сурагандан жазганышат. Күтүлбөгөн жерден боюна бүтүп калса бул көп мүшкүлдү жаратат. Алар дароо эле боюнан алдырганга чуркашат, ал түгүл бул жөнүндө ата-энелерине же жигиттерине айтып да коюшпайт».

Орусия боюнан алдырууну 20-жылы эле мыйзамдаштырган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп саналат. Сталин аялдардын көп балалуу болушун каалап абортко тыюу салып койгондо аны жашыруун жасап келишкен.

Боюнан алдырганга салынган тыюу 1953-жылы Сталин өлгөндөн кийин жоюлган. Ошондон он жыл өткөндөн кийин бул турмуштагы кадыресе көрүнүшкө айланып, СССРде 2,5 миллион бала төрөлгөн учурда аялдардын боюнан алдырган 5,5 миллион учуру расмий катталган.

Азыркы учурда кыз-келиндер 12 жумага чейин гана боюнан алдырганга укуктуу. Ошондой эле көп өлкөлөргө салыштырганда бул жакта ата-энесин, туугандарын алып келүүгө же боюнан алдыруунун себептерин аларга кабардоого милдеттүү эмес. Ошол себептүү көпчүлүк аялдар ден соолук бузуларын ойлошпой эле боюнан алдырган жагына азгырылып жатышат.

Орусиядагы үйбүлөнү пландаштыруу ассоциациясынын директору Любовь Ерофеева боюнан алдыруунун кесепети көп экенин эскертет.

“Кан көп кетип же сезгенген оорулар чыгышы мүмкүн, ал түгүл бойдон алдыруу тукумсуздукка алып келиши ыктымал»,- дейт Ерофеева айым.

Анын айтымында, жыныстык тарбия Орусияда окуу пландарына кигизилген эмес. Ошондуктан бой тартып 16 жашка толуп жыныстык сезимдери козголо баштаган балдардын көпчүлүгү аялдардын кантип боюна бүтө турганын билишпейт:

“Биз үй-бүлөнү пландаштыруу жана төрөлүүнү чектөө ойдогудай деп айта албайбыз. Орусиянын салтында жыныстык сезимдер жөнүндө ачык айтылбайт, бул жөнүндө ал түгүл үйбүлө ичинде, ал түгүл күйөөсү менен аялынын ортосунда да анча айтылбайт. Айрым учурда алар өздөрүнүн жыныстык маселеси жөнүндө ичара сүйлөшүшпөйт. Бул канга сиңген салт”.

Совет доорунда боюнан алдыруу жайылган көрүнүш болгон себеби, дарыгерлердин айтымында, бойго бүтүрбөөчү каражаттар анчалык ишеничтүү эмес болгон. Советтик чыгарылыштагы презервативдер жана аялдар колдонгон каражаттар майнапсыз болчу жана таблетка дарылар да жок эле. Советтер Бирлиги кыйрагандан кийин кээ бир клиникалар мындай каражаттарды бекер таратып да көрүштү. Мындай ыкмалар Улуу Британияда натыйжалуу болгон эле.

Бойго бүткөндөн сактануучу таблетка түрүндөгү каражаттарды колдонгон аялдардын саны Орусияда абдан төмөн, 3 жана 13 пайыздын ортосунда. Ал эм Европада бул көрсөткүч 52 пайызга барабар. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Москвадагы өкүлчүлүгүндөгү Владимир Щеголев абал акырындап жакшырып баратканын айтат:

“Азыркы учурда кичүү муундар үйбүлөнү пландаштыруунун жолдорун жакшы билишет жана аны жасаганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар аптекага барып бойго бүтүүдөн сактандырган каражаттарды, советтик үлгүдөн абдан айырмаланган сапаттуу жана коопсуз презервативдерди сатып ала алышат. Кыскасын айтканда, алар аборт жасап бойдон алдыруу үйбүлөнү пландаштыруунун эң начар жолу экенин билишет.”

Адистердин баамында, боюнан алдыруу энелердин өлүмүнө алып келген орчундуу себептердин бири болуп калууда. Ошону менен катар тукумсуздуктун үчтөн бир бөлүгү - боюнан алдыруудан келип чыгууда.

Орусиянын калкы азайууда. Ушул калыпта жүрө бере турган болсо 1992-жылкы 150 миллиондон 2050- жылга карата 100 миллионго түшүп калары болжолдоп айтылууда. Ошондуктан орус бийлиги боюнан алдыруу маселесин заманбап жолго салууга орчундуу көнүл бура баштады. Өткөн жылы мурдагы президент Путин бирден көп балалуу болууну каалаган аялдарды социалдык колдоого алуу боюнча узак мөөнөттүү программаны жарыялаган.

Кандай болсо да айымдарды аборттон баш тарттыруу ар тараптуу маалымат берүү, түшүндүрүү, өз ыктыяры менен андан баш тарттыруу жолу менен жүзөгө ашырылышы керектигин адистер белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG