Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Жазгул Жамангулова, Бишкек 26-июнь күнү эл аралык уюмдардан, журналистерден жана Акыйкатчы институтунан атайын тандалган комиссия мүчөлөрү бир добуштан Илим Карыпбековду Кыргызстандын медиа өкүлү кылып шайлашты. Медиа өкүлүнө талапкер катары «Журналистер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев жана Акыйкатчы институтунун басма-сөз кызматынын эксперти Барнахан Сабирова да көрсөтүлгөн.

Атайын түзүлгөн Байкоочу кеңешитин он эки мүчөсү Медиа өкүл институтунун мурдагы директору Илим Карыпбековду, Кыргызстандын медиа өкүлү кылып шайлашты. Бул аралыкта аталган институт эмне иш аткара алды? Мурдагы медиа өкүл Шамарал Майчиевдин жообу:

- Биз төрт жыл аралыгында жетимиш журналисти соттон коргодук, ал аралыкта биз жүздөн ашык инстанциядан өттүк. Дегинкиси Медиа өкүлчүлүктүн иши алгылыктуу эле болду, биз бир катар ММКнын өкүлдөрүнө жана жарандарга укуктук жактан жардам көрсөттүк. Бул ишти Илим Карыпбеков андан ары улантаарына ишенем.

Маалымат үчүн айта кетсек, Медиа Өкүл Институту – бул коммерциялык эмес өз алдынча уюм, ал өз ишмердигинде мыйзамга таянуу менен медиа коомчулугуна жана өлкөнүн жарандарына кызмат кылат. Маалымат керектөөчүлөр менен Жергиликтүү массалык- маалымат каражаттары ортосундагы чыр чатактарды тыюууга күч аракет жумшайт. Бир сөз менен айтканда журналистердин укуктарын жана маалымат пайдалануучулардын укуктарын коргоп, аларга укуктук кеңештерди берет. Бирок бул төрт жыл аралыгында Медиа Өкүл Институтун негизги кемчилиги эмне болду? КР акыйкатчысы Турсунбек Акундун жообу:

- Булардын чоң кемчилиги азыр булардын ишин элитанын арасы эле билип атат. Эл аралык, коомдук уюмдар, НПОлор, Бишкекте турган журналисттер, бүт Кыргызстан боюнча буларды жакшы билишпейт.

Бирок жаңыдан шайланган медиа өкүл Илим Карыпбеков, институттун мындан аркы иштеринде жогорудагы айтылган кемчиликтер жоюлаарын мындайча убада кылды.

Келечекте жакынкы 2-3 айдын ичинде коюп аткан максатыбыз – биз облус, аймактарга барабыз дагы, медиа эксперттер биригип медиа өкүлчүлүк институту, медиа өкүлү деген бар экен, ошол жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер менен кандай туура мамилени түзүш керек, мына ошону айтабыз. Бул пландаштырылган.

Андан сырткары Кыргыз журналистикасындагы укуктук нормалардын бузулушу жана журналистердин укуктук билиминин төмөндүгү туурасында кеп козгогон Илим Карыпбеков, алдыда Медиа өкүл институтунун аймактарда өкүлчүлүктөрү ачылат деп кошумчалады. Ал эми атайын түзүлгөн байкоочу кеңештин мүчөлөрү Илим Карыпбековдын журналистер арасындагы кадр баркын жогору баалашса, медиа өкүлгө талапкер болгондордун бири, «Журналистер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев, эгер мен бул кызматка келсем эки бирикменин ишин мындан да жакшыртмакмын деп ой бөлүштү.
XS
SM
MD
LG