Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:49

Парламент биринчи окууда жаңы Салык кодексин кабыл алды. Жаңы кодекстин мурдагысынан айырмасы кандай? Салык төлөөчүлөр менен ишкерлер үчүн кандай шарттар түзүлгөн? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубан Айдаралиев жооп берет. Маек оңдолуп-сырдалып жаткан министрлик имаратынын ичинде жазылды.

Бекташ Шамшиев: - Кубан мырза, парламент биринчи окууда жаңы Салык кодексин кабыл алды. Андан ким утушка ээ болот? Өкмөтпү, ишкерлерби, салык төлөөчүлөрбү?

Кубан Айдаралиев: - Өкмөттүн утушу – ишкерлердин ага карата ишениминин артышында. Азыр өнүккөн өлкөлөр менен биздин өлкөнүн салык оорчулугн салыштырып жатышпайбы. Салыштыра келгенде алардыкы биздикине караганда кичине жеңилирээк. Анан салык калыс болгондо, анын жүгү салыштырмалуу жеңил болгондо ишкерлердиктин негизги максты киреше табуу болгон соң салык жүгү жеңилирээк болушу керек. Киреше таба албай отурса ким эле ачык иштесин. Анан салык мыйзамдарынын катуулугунан бизде көбүнесе “көмүскө экономика” болуп жатпайбы. Өкмөттүн ута турган жери ушул. “Көмүскө экономиканы” азайтууга мүмкүнчүлүк түзүп жатат.

Бекташ Шамшиев: - Жаңы Салык кодекси кабыл алынгандан кийин бюджеттин киреше жагы кыйла азайып кетери айтылууда. 6,5 миллиардга жакын сом деп жатышат...

Кубан Айдаралиев: - Жалпысынан алдын-ала эсептер боюнча бюджеттин киреше бөлүгү 11 миллиард сомго азайышына алып келет. Бирок биз айрым салыктардын түрлөрүн жойгон жерибиз жок. Табигый кырсыктарды алдын-алуу фондусу, автожолдорду пайдалануу боюнча салык, чекене соодадан алынчу салык – ушyл үчөө биригип келип эле кайрадан сатуудан алынчу салык болуп жатпайбы. Бул жерден биз уттурбайбыз. Кайсы бир компенсациялык чаралар деп атпайбызбы. Мына ошол чараларга келсек, жалпысынан 2,5 миллиард сомдун тегерегинде акча жабылбай калып жатат. Эсептеп туруп муну деле жаап салсак болмок. Бирок аны жаппаганыбыздын бир себеби бул болду. Пайдадан алынчу салыкты башында 4% менен чектеп, кийин карап көрсөк, жалпы салык оорчулугун жеңилдетиш максатында ошол 2,5 миллиард сомдун тегерегинде акча калып калышына салык чогултчулар макул болушту. Себеби ал жетпей жаткан акчанын бир бөлүгү кошумча нарк салыгынан бажы төлөмдөрүнөн түшөт деп эсепке алынды. Экинчи жагынан ишкердиктин өнүгүүсү менен келе турган акча деп эсептеп жатабыз.

Бекташ Шамшиев: - Көптөн бери талаш болуп келген кыймылсыз мүлк салыгынын механизми мына ушул жаңы Салык кодексинде иштелип киргени жатат. Анын негизинде бюджетке канча акча түшөрү болжолдонууда? Кедейлер аз, байлар көп төлөчү бул салык ишке кирсе байлар канча төлөйт?

Кубан Айдаралиев: - Кыймылсыз мүлк салыгы – бул жаңы салык. Адегенде аны иштетип алышыбыз керек. Эсеп боюнча ал 1 миллиард 145 миллион сом акчаны түзүш керек. Бул салыктын өзгөчөлүгү – анын базасынын так эсептелгендигинде. Кыймылсыз мүлктүн так эсеби биздин мамлекеттик органдарда бар. Сиз бул байлар менен кедейлерге тең караган калыс салык болуш керек деп жатасыз. Мисалы, 500 миң сомго чейинки кыймылсыз мүлк салыкка тартылбайт. Билесиз, Союз маалында курулган үч эмес төрт бөлмө үйлөрдүн баасы буга жетпейт. Андан тышкары пенсиядагыларга дагы 200 миң сом кошулуп, 700 миң деп жеңилдик берилип жатат. Ушул суммадан ашып кеткенде деле салыштырмалуу кедейлерге арзаныраак түшөт. Себеби кийинки курулган үйлөр, өзгөчө “элиталык үйлөр” деген 2, 3, 4 кабат үйлөрдүкү башкача баа менен кетет. Жалпы ошол кыймылсыз мүлккө коюлган баа эгер бер жактагыларга жылына 500 – 600 сомдун тегереги болсо, тиякка болсо андан 10 эсе, 20 эсе көпкө чыгып кетиши мүмкүн.

Бекташ Шамшиев: - Кыймылсыз мүлк салыгынын механизмдери качан ишке киришет? Себеп дегенде салык жөнүндөгү мыйзам мурда эле кабыл алынып, бирок эмдигиге чейин иштебей жаткан.

Кубан Айдаралиев: - Буга чейин эле кыймылсыз мүлк салыгы Салык кодексине кирген. Бирок аны баалоонун механизми иштелип чыга элек болчу. Азыр болсо кыймылсыз мүлктү баалоонун механизми жаңы Салык кодексинде көрсөтүлгөн. Буюрса ал 2009-жылдын 1-январынан тарта толук ишке кирет деп айтсак болот.

Бекташ Шамшиев: - Жаңы Салык кодекси тууралуy аркыл пикирлер айтылып келатат. Анын жетишкендиги мүчүлүштүгү деп. Сиз анын кайсынысы көбүрөөк деп айта алар элеңиз?

Кубан Айдаралиев: - Мен айтат элем, чоң документ болгондон кийин анын жетишкендиги да мүчүлүштүгү сөзсүз болот. Бирок негизинен анын жетишкендиги көп деп айтсак болот. Себеби жаңы Салык кодекси орчyн маселелерди чечип жатат. Ошон үчүн аны революциячыл, прогрессивдүү деп айтып жатышпайбы. Мен деле ушундай эле ойдомун. Ал эми мүчүлүштүктөрү боюнча болсо. Биринчи окууда бираз шашылыш болуп калды. Эми сентябрга чейин Жогорку Кеңештин комитети да иштеп жатат. Эми бардык кемчиликтерин өзгөртүүгө убакыт бар. Мен ойлойм, алар сентябрь айына чейин жоюлат.

Бекташ Шамшиев:- Кубан мырза, маегиңиз үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG