Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Парламенттин билим, илим жана маалымат саясаты боюнча комитети бүгүн көз карандысыз “Де-факто” гезитине байланыштуу маселени карамакчы. Ага социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү да катышаары кабарланууда. Сөз эркиндигине байланышкан соңку окуялар боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты, аталган фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева жооп берди.

- Оппозициялык “Де факто” басылмасына байланышкан соңку кырдаалга, ушул гезиттин тегерегиндеги окуяларга кандай баа бересиз?

- Бул маселени мен кечээ Жогорку Кеңеште да айтып чыктым. Акыркы эки жумада караңгы түндөгүдөй эле бир жапайы түрдөгү иштер болуп жатат. XXI кылымда оппозициялык гезитти жабалы деп, ушинтип муунтуп атышат. Редакторго соттун чечимин көрсөтүп, тинтип, эсебин жаап муунтуп атышат. Бул маселени парламенттин билим, илим маданият жана маалымат саясаты боюнча комитетинде талкуулоо чечилди. Ага биз да катышып, ошол жерде сөз эркиндиги барбы-жокпу деген маселени, эмне үчүн бул гезитке чабуул жасалып жатканын талкуулайбыз.

- Гезитке каршы мындай кылмыш ишинин козголушу Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу болуп жатканы айтылууда. Дегеле ушундай кылмыш ишин козгоого канчалык негиз бар эле?

- Медиа өкүл Илим Карыпбековдун айтканына таянсак, чынында “Атайлап жалган билдирүү жасоо” деген мындай берене менен КМШ да биринчи жолу жалпыга маалымдоо каражатына бизде гана кылмыш иши козголуп атыптыр. Эми буга чейин, Аскар Акаевдин тушунда гезиттерге “жалаа жабуу” же “кемсинтүү, акарат келтирүү” деген беренелер менен гана иш козголчу. “Асаба”, “Республика” гезиттерине ушундай айыптар тагылбады беле. А түгүл Замира Сыдыкова отуруп да чыкпадыбы. Эми “Де-фактого” эмне үчүн мындай берене менен кылмыш ишин козгоп атат. Себеби бул берененин негизинде тинтүү жүргүзсө, жанагындай документтерин алып кетсе болот экен. Чынында гезит дагы конкреттүү фактылар менен, жанагы Замира Молдоева деген бар-жок экенин тактап туруп басыш керек эле мындай кайрылууну. Муну профессионалдык жактан ката кетирди деп эсептесе туура, бирок аны өзүнчө караш керек эле.

- Айрым эл аралык уюмдар да Кыргызстанда сөз эркиндиги боюнча абал начарлап баратканына тынчсыздануусун айта баштады. Сиздин оюңузча, бул абал мындан ары кандай болушу мүмкүн?

- Биз ошого алып барбашыбыз, абалдын начарлашына жол бербешибиз керек. Унчукпай отуруп калбашыбыз керек. Маселен “Де-фактонун” канча миңдеген окурмандары бар. Бул гезитти сактап калышыбыз керек.
XS
SM
MD
LG