Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

11:30 Бакыт Бешимов: “Ак жол” бири-бириңерди жеп жатасыңарбы


Жогорку Кеңештин Социал демократтар фракциясынын депутаты Бакыт Бешимов парламенттеги бүгүнкү жыйында Транспорт министри Нурлан Сулаймановго суроо узатып, ал тууралуу парламентке атайын киргизилген гезиттерде сын макалалар жазылып жатканын билдирди. “Парламентке “Ак жолдун” гезити менен “Агым” атайын киргизилип жатат. Бүгүнкү “Агым” гезитинин санында сизди кимдин кызыкчылыгын коргойт деп жатышат. Эмне “Ак жол” партиясы бири-бириңерди жеп атасыңарбы?”,- деп суроо узатты Б.Бешимов. Өз кезегинде министр Н.Сулайманов айрым адамдардын авиация жана жол тармагында бизнеси бар экендигин, алар министрликтин ишине бут тосуп жатышканын, “Агым” гезитин болсо сотко берүүгө аргасыз болгонун айтты. Ал эми төрага Айтибай Тагаев мындан ары анын уруксатысыз бир дагы кагазды, гезиттерди жыйындар залына киргизбөөгө аппарат жетечилигине буюрду. (IJz)

XS
SM
MD
LG