Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

ИСПАНИЯЛЫКТАР ФИНАЛГА ЧЫГЫШТЫ


Кечээ 26-июнда түнү Европа чемпионатынын экинчи жарым финалында Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда орусиялыктар менен испаниялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болду. Мында испаниялыктар орустарды 3:0 эсебинде жеңип, финалга чыгышты. Эми 29-июнда финалдык беттешүүдө германиялыктар менен испаниялыктар мөрөй талашып, Европанын 13-чемпиону аныкталат.

Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында экинчи жарым финалдык таймашууда Орусия командасы негизги атаандашы Испания футболчулары менен беттешти. Натыйжада биринчи таймда эки команданын оюнчулары этияттык менен ойноп, эсеп ачылган жок.

Нөшөрлөп жааган жамгырга карабай теңата таймашты. Оюндун экинчи бөлүгү башталганына 5 мүнөт өткөндө испаниялык жарым коргоочу Эрнандес Хави эсепти ачып, командасын алга сүрөдү.

Ушундан баштап испандыктар үстөмдүк кылып, топту көбүрөөк көзөмөлгө алышты. Беттешүүнүн 73- мүнөтүндө испаниялык чабуулчу Даниэль Гуиса эсепти экиге көбөйтүп, орусиялыктардын дарбазасынын торуна топту таамай багыттай алды.

Орусиялыктардын бир нече жолку жооп кылуу аракетинен майнап чыкпады.

Жарым финалдык мелдешин жыйынтыгына 82- мүнөттө испаниялык жарым коргоочу Давид Сильва чекит койду. Ошентип Испания курамы 3:0 эсебинде Орусияны утуп, финалга баш байгеге талапкердин экинчиси болду.

Бишкектик футбол күйөрманы Нурлан Түгөлбек уулунун пикиринде испаниялыктар орустарды экинчи ирет дагы татыктуу жеңип, финалга чыгышты.

Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын президенти Улугбек Салымбековдун пикиринде орусиялыктар чеберчилигин көрсөтүү менен жакшы ойноду, бирок испандардын чабуулчулары артыкчылык кылышты:

- Бул жарым финалда испаниялыктар Европада футболдун мыкты командаларынын бири экенин көрсөтүп койду. Алар жарым финалдык негизги таймашууда уюшкандык менен ойноп, намысты колдон чыгарышпады. Айрыкча алардын күч- кубаты, тажрыйбасы жетиштүү экени көрүндү. Испаниялык Эрнандес Хави, Давид Сильва , Даниэль Гуиса, фернандо Торрес жана Давид Вилья чеберчиликтерин көрсөтүп, мыкты ойноду.

Кыргызстандын төрт жолку чемпиону «Дордой-Динамо» командасынын мурдакы чабуулчусу Азамат Ишенбаевдин айтымында быйыл испаниялык чабуулчу Давид Вилья Европанын мыкты футболчусу болушу мүмкүн:

- Бул ирет дагы орусиялыктар жарым финалда чеберчиликтерин, күч- кубатын ачык көрсөтө албай коюшту. Алар быйыл башында начар ойногону менен чечүүчү таймашууларда жакшы ойноп келишкен болчу. Бул ирет мыкты оюнчулар өз оюндарын көрсөтө алышкан жок. Коргоочулар көп каталыктарды кетиришти. Орустардын футболчулары Европа чемпионатында жарым финалга чейин жеткени эле чоң эрдик, ийгилик. Бирок алар бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жиберишти.

Бул жарым финалдык беттешүүнү Кыргызстандын улуттук телерадио корпорациясы күйөрмандарга түз алып көрсөттү. КТРдын футболдук баяндамачылары Кубан Атабеков менен Алмаз Раимжанов беттешүүнү баштан аяк баяндап беришти:

- Ошентип испаниялыктар орусиялыктарды 3:0 эсебинде жеңип, баш байгеге талапкер катары финалда Германия менен ойномок болду.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, эми Испания менен Германиянын ортосундагы финалдык беттешүү да кызыктуу өтчүдөй. Анын мурда айткан божомолуна караганда бул ирет германиялыктар финалда жеңип алуусу толук ыктымал. Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда өткөрүлүп, Европанын 13-чемпиону аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG