Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:54

Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

Рынок экономикасынын моделдери ар түркүн болгон менен анын табияты Америка болобу, Жапония болобу же Кыргызстан болобу баары эле бир экенин, рыноктун фундаментин жеке менчик менен экономикалык эркиндик түзөрүн, жапондордун өнүгүп кеткени да мына ушул маселени туура чечкендигине байланыштуу болгонун, согуштан кийин АКШны башкарган америкалык админстрация тартипти бекем кармап, бийликтин өзүм билемдигин тизгиндеп турганын, алар бизге окшоп чет өлкөлүк инвестиция дешпегенин, адегенде өлкөнүн өндүрүшүнө инвестицияны атамекендик ишкерлер салып, анан аларды көрүп чет элдиктер келе баштаганын, ушундай жол менен Түштүк Корея, Сингапур, Малайзия, Тайван өнүккөнүн, ушундай жолго Кытай менен Индия түшкөнүн, кыргыз экономикасынын “жарасы” да дал ушул фундаментте жатканын, ал эми биздин кыргызбай бийлик жеке менчикти кааласа берип, кааласа алып кое турган белек катары көрөрүн, кимди ити чөп жеген ишкер же кимди итке минген жакыр кылам десе өзү билерин, мыйзамдар жалаң бийликтегилердин пайдасына иштеп, рынок экономикасынын кыймылдаткыч күчү-тең укуктуу таймаштын жоктугун, анын ордуна башаламандык өкүмү жүрүп келатканын, анткени Кыргызстанды бир эле киши билерин, бүгүн Кыргызстандын президенти да президент, өкмөтү да президент, соту да президент, парламенти да президент экендигин, өлкөнүн өспөй өйдөлөнүп жаткан жарасы так ушул саясатта жаткандыгын “Кыргызстан өнүкпөйт. Сыры эмнеде?” деген макаласында белгилүү экономист Сапар Орозбаков “Аалам” гезити аркылуу билдирди.

Ушул эле гезит “Трайбализм жана эки жүздүү идеология” деген ат менен макала жарыялады. Анда сөз жүзүндө мамлекеттик кызмат орду үчүн конкурс жарыяланып, жыйынтыгына келгенде тууган, куда-сөөк же достору дайындаларын, азыркы бийликтин мындай эки жүздүү саясатына баары күбө болгонун, мындай кош стандарт прннциби жана өткөндү эңсей берүү менен элдин этеги эки болуп , уучу узарбай тургандыгын кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити “Дагы эле жаңы эреже жөнүндө” деген көлөмдүү макаласын 2002-жылы ЖК тарабынан мыйзам катары колдонууга киргизилген, бирок ошол күндөн ушул күнгө дейре чуусу бүтпөй талаш-тартыштын бутасына айланып келаткан Кыргыз тили орфографиясынын жаңы редакциясынын эмне үчүн иштебей жатканына арнады.

“Жаңы кылым” гезити дүйнөгө эшик-терезеси ачылары менен араң турган кытай уландары колукту издеп Орусия менен Орто Азияны каптаганын, миллиарддан ашуун калкы бар кытайлык күйөө балдар күжүлдөп иштеп турса, 3 миллионго жетпеген калкы бар, анысынын да ишке жарактуу, бала төрөп, бала төрөтө турган миллионго жакыны чет өлкөлөрдө мандикерлик кылып жүргөн кыргыздын келечеги кыйын болорун, ошентип жакынкы жылдары “кытайлашуу” күчөрүн, буга кошул-ташыл болуп илгертен эле кыргыз жерине көз кызартып келген өзбек ашыналар да активдеше баштаганын, азыр түштүктүн эки облусуна университеттерин ачтырууга жетишкен бул калк санын барган сайын арбытып баратканын, эгер бул темп улана берсе 10 жылдан кийин автономия маселеси оңой эле чечилип каларын, мындай “жылма экспансия” ачык агрессиядан да коркунучтуу экендигин, а-бу дегенче бир нече жылдан кийин өз мамлекетибизде өзүбүз кантип улуттук азчылык болуп калганыбызды билбей кала турган күндөр да алыс эмес деп коңгуроо какты.

“Жапон калкы алтургай таштандыдан дары-дармектерди, суусундуктарды, келечекте укум-тукуму жашай турган жасалама аралдарды жасаганга өттү. Жапондор ар бир карыш жерин алаканга салып алдейлеп турат, анткени бул өлкө жердин баркын билет, анткени бул өлкө туш тарабынан океан, деңизднр менен курччалган. А биз болсо бейиштин төрүнөн кымбат асыл жерибизди, бардык байлыкты марттык менен берген кымбат жерибизди, тоолор менен сууларыбызды эмне кылып кордоп жатабыз? Артыбыздан келе турган муунга эмнелерди калтырабыз? Же жыртылган, тешилген, таштандылар менен какырык-түкүрүккө толгон көчөлөрүбүздү, кыйылган, тонолгон токойлорубузду, уу сакталган жайларыбыз менен соолуган көлдөрүбүздү, какшыган сайларыбызды калтырабызбы? Жапондор менен немистерден эмнебиз кем?” Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз руху” өзүнун “До и после” деп аталган орус тилдүү макаласында ушул маселеге кайрылды.

“Агым” гезити “Акаев берген упчунун уландысыбы?” деген макаласында “Жаңы эмес, абдан эски, эски болгондо да элди жадатып, коррупцияны аң-сезимге он беш жыл бою кыттай куюп, Кыргызстанды талап-тоноого барандуу салым кошкондор, элди жакырылыктын сормо сазына тыгып кеткен Акаевдин командасындагылар экенин белгилеп, “Бирдиктүү Кыргызстан” деген коомдук кыймыл түзүлгөнүн белгилеп, убагында Майрам Акаеваны жандап, Акаеванын китептеринин бетачарын байма-бай өткөрүп, ошонусун идеология деп түшүнүп, китепкананы аракканага, маданият жайларын кумар жайларына, спорт талаасын базарларга айландырган, Акаев качарына 8 саат калганда “кидать” эткен О. Ибраимов кыймылдын башында турганын, анын катарында айылчарбасын талкалоонун башкы идеолгу Б.Талгарбеков, Акаев качкан шайлоонун жыйынтыгын 95 пайыздан ылдый түшүрбөй, дүйнөдө болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өттү деп элдин кыжырын кайнаткан С. Иманбаев, Акаева менен Акаевди “өкүл апа, өкүл ата” тутуп, убагында “Учкун” басмаканасын жетектеп, “Асаба” гезитине бир пачка туз “чачып”, Үзөңгү-Кууштун кытайга кетишин колдогон К. Иманалиев, атасынын аты менен тышкы иштер министри болуп, жеке өзү “Санта Мария” ресторанына кирип 18 миң сомго тамак ичкен Санжар Айтматов, булардан тышкары аксакал Т. Усубалиев, Н. Касиев, А. Муралиев бар экенин баяндаган гезит “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы экономикасы чабал, коррупциясы күчүндө турган өлкөнү өйдө көтөргөнгө жардам бере албастыгын, анткени дал ушул ооруларды ушул кишилер жугузуп кеткенин, бул кыймылдын түзулүш менен оппзициянын да баркы кетерин жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG