Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

12:45 Грузияда КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлер Кеңешинин отуруму өтүп жатат


ИИМ маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бүгүн Грузияга жөнөп кетти. Маалыматта айтылгандай отурум 27-29-июнь күндөрү өтүп, анда КМШ мамлекеттеринин ички иштер тармагындагы маалымат алмашуу, 2008-2011-жылдарга кызматташуу, кылмыштуулукка жана мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешип күрөшүү боюнча келишимдердин долбоорлору талкууланат. Мындан тышкары ИИМинистрлер Кеңешинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер, кийинки отурумдун өтчү орду такталат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG