Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Муса Мураталиев, Москва Орусия Федералдык Кеңешинин улуттук саясат боюнча комитети даярдаган долбоорду депутаттар 24-июнда караган. Ал долбоор мыйзамга айланганда эмгек мигранттары милдеттүү түрдө орус тилинен экзамен беришмекчи. Анын КМШ өлкөлөрүнөн Орусияга жумуш издеп келгендерге тийешеси бар экенин айтышат. Өлкөнүн миграциялык саясатын курчутууну жактагандар арасындагы кепте мигранттардын орус тилин билбеши, алардын орусиялык мыйзам арибин гана эмес алар жасап аткан иштин сапатына зыян алып келет. Федералдык Кеңештин төрагасына орун басар Александр Трошин айтканга караганда, «орус тили боюнча өткөрүлчү экзаменди тың тапшырган мигранттар жумушка алынуу уруксатын демейдегидей бир жылга эмес, эки жылга алышат».

Орусиянын өйдөкү палатасы, шейшемби күнү, 24-июнда, мигранттарды орус тилин билүүгө милдеттендирген мыйзам даяр болуп калганын айтып чыкты. Федералдык Кеңештин төрагасы Сергей Миронов айтканга караганда, «мыйзам долбоору бул жолку талкуу учурунда айтылган сындар боюнча комитеттерде карап чыгып өкүмөттүк экспертизага өткөрүп берет». Төрага баамында мигрантка болгону 750дөй гана сөз билүү жетиштүү. Ал да «милициянын буйругу менен кайрылуусун» туура түшүнүш үчүн керек.

Ылдыйкы палата, Мамдумадан түшкөн маалыматта, алардын орус тилинен эмгек мигранттарын сыноодон өткөрүү боюнча мыйзамды карашы ушул күзгө божомолдонууда.

Орус тилин билүү иш издеп келгендердин өзү үчүн абдан керек экенин «Тажикстан» корунун төрайымы Гаухар Жураева айтат:

- Азыр Орусияда жарым миллиондой тажик бар. Советтик муун, башкача айтканда, азыр 50дөн ашып калгандар, орусча дурус сүйлөшөт. Ал эми жаштарга калганда – балаа. Алар ал тургай өз эне тилин дурустап билишпейт.

Тил билүү эмгек мигранттардын өзүнө керектигин дагы бир жалпы көрүнүш - дүйнөдө жумуш издеп башка мамлекеттерге сапар алуунун тенденцияга айланып баратышы айтып тургандай.

Эл аралык Gallup Pollis коомдук пикир топтоо уюмунун сурамжылоосу буга күбө болуп тургандай. Ал уюм жарыялаган маалыматта 2006-2008-жылдар арасында, дүйнө боюнча алганда, ар бир төртүнчү адам четке чыгып иштеп келүүнү самашкан. Баш-аягы 82 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо жооп бергендердин 26 % чет өлкөдө иштеп келгенин айткан. Өнүккөн өлкөлөргө өтүп иштөөнү самаган тургундар: Армениада 23, Азербайжанда 28, Беларуста 20, Грузияда 26, Иранда 30, Казакстанда 13, Кыргызстанда 20, Орусияда 17, Тажикстанда 12, Украинада 25 пайызды түзгөн.

Орусия даярдаган жаңы мыйзам эмгек мигранттарынан пара алуучулар үчүн дагы бир шылтоо болуп кызмат өтөөрүн адам укугун коргоочу Лидия Графова айтат. Азыркы тушта Орусияда миграция бардык ичип-жегичтер үчүн ансыз эле өзү билгендей майсачу жайытка айланып кеткен. Алардан экзамен алуучулар ким экен? Экзамен баасы канча болот? – деген суроолорду коет:

- Киши өлкөгө кире албай жатып (орус - ММ) тилди кантип биле алат? Иш жүзүндө андай болбойт.

РИА «Новости» билдиргенге караганда былтыр чет элдик 8 миллион киши катоого алган. Өлкөнүн федералдык мигранттык кызматынын маалыматында, өлкөдө, азыркы тушта жашырынып иштеп жүрүшкөн 5 миллиондон көп чет элдиктер бар.
XS
SM
MD
LG