Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

15:30 ЖК комитети “Де-факто” гезитинин компьютерлерин кайтарып берүүнү талап кылды


Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана маалыматтык саясат комитети бүгүн “Де-факто” гезитинин айланасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады. Комитеттин жыйынына Бишкек шаардык прокуратурасы менен ички иштер башкармалыгы гезитке каршы козголгон кылмыш иши тууралуу баяндама берүү үчүн чакырылган. Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаев басылмага адам беделине кедерги кетирчү, такталбаган макала жарыяланганына байланыштуу мыйзам чегинде кылмыш иши козголгон, деген жүйөөсүн айтты. Жыйынга чогулган депутаттардын айрымдары мындай такталбаган, башка адамдардын беделине кедерги кетирип, аброюна кир жугузган макалалар байма-бай жарыяланып, бирок аларга карата эч кандай иш-чара колдонулбай жаткандыгын айтышып, “Де-факто” гезитине карата кылмыш ишинин козголушу –саясий заказ, деген пикирлерин билдиришти. Аягында комитет мүчөлөрү басылмага таандык компьютерлерди кайтарып берүүнү шаардык прокурордон талап кылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG