Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

17:05 Укук коргоочу Азиза Абдурасулова президентке кайрылды


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова кайрылуусунда жакында парламент кабыл алган “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу эркиндиги” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоосун президенттен өтүнгөн. Анда жазылгандай демократиялык өнүгүүгө багыт алган Кыргызстан эл аралык коомчулук алдында адам укугу боюнча бир топ милдеттенмелерди алган, өлкөнүн Башмыйзамы алдын ала маалымдоо менен пикет-митингдерди эркин өткөрүүгө жол берет. Укук коргоочу мамлекет башчынын өлүм жазасын алып салууга кошкон салымын белгилеп, жакында ЖК тарабынан кабыл алынган мыйзам долбоорун колдобоого чакырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG