Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

ЫСЫК-АТАДАГЫ КОШТОШУУ КЕЧЕСИНДЕ БИР БҮТҮРҮҮЧҮ БЫЧАКТАЛЫП...


Жазгүл Жамангулова, Чүй Миңдеген бүтүрүүчүлөр 25-июнь «Коштошуу кечесин» кубануу менен тозушту. Бирок мына ушул күнү каргашалуу окуялар дагы күтүлүп калат деп эч ким ойлогон эмес. Тилекке каршы Ысык-Ата районунун Жээк айылындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү, «Коштошуу кечесинде» өздөрүнүн классташы болгон Жолдошбек Эгембердиевден айрылышты. Бүтүрүүчүлөр менен 10-клысстан окуучулары ортосундагы майда чар- чатак, мушташ мына ушундай каргашалуу окуя менен аяктаган.

«Коштошуу кечеси» Республика боюнча 25- июнь күнгө белгиленгени менен Жээк айылындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү салтанатты 24- июнь күнү уюштурушкан. Кечээ адаттагыдай жакшы башталып, салттуу таң тосуу үчүн бүтүрүүчүлөр Чоң-Чүй каналынын жээгине келишкен. Бул маалда аларды өздөрүнөн кичүү класстагы жыйырма үч окуучу тосуп турган. Себеби окуя болгонго чейин алардын ортосунда майда чыр- чатак болуп, алар таң тосуу учурунда чечишүүнү болжошкон. ИИМнин басма-сөз кызматынын инспектору Олжобай Казабаевдин билдиргенине караганда окуучулар эки жак болуп мушташып кетишкен:

- Таң тосууга барган жерде мушташ чыгып, Жолдошбек Эгембердиев башынан оор жаракат алып, жетинчи жана сезинчи кабырганын ортосуна бычак жеген. Бирок ооруканага жетпей ошол жерде каза болгон.

Кылмыш иши мектептеги рекетчиликке байланыштуу болууда дешет ИИМнен, бирок каза болгон баланын агасы Майрамбек Эгембердиев майда чыр- чатак үчүн инибизди өлтүрүп салгандар жазасын алышы керек деп белгилейт:

- Майда- чыр чатактын кесепетинен инибиздин өмүрүн кыйгандар жазасын алышы керек. Кылмыш иши илитөөгө алынып жатканы менен шектүү делгендердин көбү камалган жок.

Каза болгон Жолдошбек Эгембердиевдин жакындары мушташка катышкандар камалбай эле боштондукта жүрөт деп нааразыланышат, бирок ИИМнин басма-сөз кызматынын инспектору Олжобай Казабаев буга мындайча жооп берет:

- Алардын баары тергөөгө алынат, болгону бул мушташты уюштургандардын «анабашы» ошол экөө ошону үчүн аларды кармадык. Тергөө эми гана башталды да.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, каза болгон он жети жаштагы баланын сөөгү бүгүн жерге берилди. Ал эми жергиликтүү бийлик чукул жыйын өткөрүп, райондук билим берүү башкармалынын башчысын иштен алып, айыл өкмөтүнө сөгүш берген. Эске салсак, ушул окуу жылында мектептеги рекетчиликке байланышкан каргашалуу окуялардын Чүй аймагы боюнча бул экинчи учур. Буга чейин Панфилов районундагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин окуучусун өлтүргөн деген айып менен бүтүрүүчү класстын эки окуучусу жети жылга эркинен ажыраган.

XS
SM
MD
LG