Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

ЖК КОМИТЕТИ: “ДЕ-ФАКТО” ГЕЗИТИ КУУГУНТУКТА


27-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитети “Де-факто” гезитинин айланасында түзүлгөн кырдаалды талкуулап, газета саясий куугунтукка алынып жатканын белгиледи. Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаев маселеде саясий өң-түс жок экенин билдирди. Бирок ал депутаттардын көпчүлүгүн ынандыра алган жок.

“Де-факто” гезитинин 12-июндагы санында Замира Молдалиева деген ысымдагы автордун салык инспекциясындагы коррупция тууралуу билдирүүсү жарыяланган. Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаевдин комитеттин бүгүнкү жыйынында билдиргенине караганда, тартип коргоо органдары андагы фактылар боюнча иликтөө ишин баштап, Замира Молдалиеваны табууга аракет жасаган. Бирок ал редакцияга берилген билдирүүдө көрсөтүлгөн даректе жок болуп чыккан жана андан кийинки издөөлөр да натыйжа беген эмес. Азыркы мезгилде козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иши жыйынтыкталып жатат жана анда гезит айыпталып жаткан жок:

- Газета жоопкерчиликтин обьектиси эмес. Ошондуктан жооптуу субьект катары мыйзамды бузган физикалык тарап гана болот. Тергөөдө жооптуу тарап аныкталат.

Айбек Турганбаевдин айтымында, “Де-факто” гезитине байланыштуу кылмыш иште саясат жок.
Бирок Бишкек шаарынын прокурорунун мындай билдирүүсү депутаттардын каршы суроолорун жаратты. Социал-демократиялык фракциянын башчысы Бакыт Бешимов мындай суроону койду:

- Коррупцияга, мыйзам бузууларга байланыштуу фактылар башка гезиттерде байма-бай басылып жатат. Аларга эмне үчүн көңүл бурулбайт да кылмыш иши козголбойт. Анан оппозициялык газетага өзгөчө, кастарыңарды тигип, тандама мамиле жасап жатасыңар?.

Прокурор ага бардык гезиттик макалаларга көңүл бурулуп турат деген жалпы маанидеги жообун берип чектелди. Депутат Роза Отунбаева тартип коргоо органдарынын “Де-факто” гезитине каршы көрүлгөн чаралардын ылдамдыгы таңдандырганын билдирди:

- Силердин мына ушул факты боюнча ылдам ишиңерди көрүп каның кайнайт. 12-июнда макала чыгат, 13-июнда кылмыш иши козголуп, соттун чечими чыгат. 14-июнда редакцияны тинтүү жүрүп калды. Ай, мына байкасаңар, Жалалабадда банкты тоноп, миллиондорду уурдап кеткенин тартип коргоо органдары эмне үчүн иликтебейсиңер.Аны жасагандар жогорку кызматтарда отурат.Ушундай билдирүү жасады деп мени кылмыш жообуна тарткыла.

Роза Отунбаеванын пикиринде, “Де-фактого” каршы чабуул Акүй тараптан келген буйрук менен жүрүп жатат жана мындай шартта гезитти коргоп калуу керек.

Гезиттин адвокаты Нина Зотова жана башкы редактор Чолпон Орозобекова гезиттин мүлкүнүн камакка алыныш себебин түшүндүрүүнү жана компьютерлерди кайтарып берүү маселесин көтөрдү. Ага жооп кылган прокурор бардык аракеттер мыйзам чегинде жүрүп жатканын жана эгерде коргоочу тарап башкача деп эсептесе, арыз менен сотко кайрылууга укуктуу деп жоп берди.

Комитеттин жыйынына коммунисттер фракциясынан жана “Ак жол” фракциясынан да депутаттар катышты. “Ак жол” фракциясынын өкүлү, комитеттин төрагасынын орну басары Галина Куликова прокурорду мыйзам чегинде адилеттүүлүк менен “Де-факто” гезитинин маселесин чечип берүүнү өтүндү. Ал эми Медиа өкүл Илим Карыпбеков такталбаган маалыматты берген гезиттен да чекилик кеткенин белгилөө менен, бирок “жалган жалаа жабууну” караштырган берене менен кылмыш ишин козгоо туура эместигин жана ушул берене менен “Де-факто” гезити жабылса, башка гезиттер үчүн да коркунуч тууларын эскертти. Мына ушундай талкуулардан кийин Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов жыйынтыктоочу сөзүн айтты:

- Бул иш саясий буйрутма менен жасалып жатат.Ал ачыктан-ачык көрүнүп турат. Мага да гезиттерден кезинде жалаа жабуулар болгон. Мен бир да жолу сотко кайрылган жокмун. Бирок ошол эле кезде айтаарым, гезиттерде да бир беткей жалаа жабуучулук болбосо. Ал эми прокурордон суранаарым, бул ишти адилет карап, демократиялык коомдо жашап жатканыбызга жараша чечим чыгарса.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG