Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Кыргызстандын Жогорку сотунун чечими менен “Кумтөр” алтын кенинин түштүк-батышы менен “Сарытөр” участокторун өздөштүрүүгө берилген уруксат кагаз алынып салынган. Кыйладан берки талаштын айынан “Жерүй” алтын кенинин ишке кириши кечеңдеп, быйылкы жылы алгачкы продукциясын бериши күмөн. Өкмөт “Каракече” көмүр кенин иштетүүгө ачык сынак жарыялаган. Ушундай эле сынак “Тегене” көмүр кени боюнча өттү.

«Кумтөр» алтын кенинин түштүк-батыш ныптасынан, ошондой эле «Сарытөрдөн» казылчу кендин уруксат кагазынын Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылышын Кыргызстандын Кендерди пайдалануу мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Кадырбек Какитаев туура эмес чечим катары баалайт.

- Себеби лицензияны жанагы Түштүк-батыш менен “Сарытөргө” чалгындоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө 1997-жылы алган. 1997-жылы “Борбордук участок” деп атышпайбы. Ал келишим боюнча аныкталган. Ага лицензия жок, лицензия алышкан эмес. Кептин баары бул лицензиянын туура эмес берилишинде эмес, кептин баары жанагы чек арадан өтүп аткандагы бажы, анан салык төлөмөй, ошол маселеде болуп жатпайбы. Сот ошол маселе боюнча токтотуп койсо туура болмок. Бул менин өзүмдүн жеке оюм.

Ачык тендерсиз лицензиянын берилип кетиши мыйзам талабына кайчы келерин Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту да ырастап, парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун доо арызын канааттандырган. Арыз ээси алтын кен компаниясы жалаң лицензияга эле эмес, бийик тоо шартындагы иш үчүн, анан да жер салыгын толугу менен төлөп бериши керек, деген пикирде.

- Алтын бизде. 200 эле тоннасы казылды. Дагы 526 тонна запасы бар. Муну биз алып калышыбыз керек. Атүгүл буларды кетирип туруп. Өткөн жылы эле 10-майда бизге өткөрүп бериши керек болчу. Анан жанагы Н.Танаевдердин чыккынчылыгы менен ушул абалга келдик. Буларды кетиришибиз керек. Башка тендер жарыялашыбыз керек. Жок дегенде 70% бизге келет. Башка төлөмдөрдөн буларды бошоткон мыйзамсыздыктарды жоюп, баарын мыйзам чегине келтиришибиз керек.

Парламент ошол эле К.Исабековдун демилгеси менен даярдалган лицензия акысын, жер салыгын көбөйтүү жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун кабыл алган. Мындай аракет тоокен тармагындагы ири инвесторлордон түшчү төлөмдөрдү көбөйтүүнүн амалы экени көпчүлүккө ансыз деле дайын. Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Дүйшөнбек Камчыбеков ири кендерди иштетүүгө ачык сынактар өтө баштагандыгын маалымдады.

- Биз түштүктө көмүр боюнча конкурс жарыяладык. “Тегене-Шахтный” деген кен. Ал конкурс өз деңгээлинде жакшы өттү деп мен ойлойм. Биз утуп алган компания бонус – бир ирет мамлекетке төлөнчү акчаны төлөп беришин күтүп атабыз. Бонус деп 55 миң доллар акчаны чектегенбиз.

Ушундай эле тендер эмдиги жумада “Каракече” көмүр кени боюнча өтмөкчү. Азырынча ага чет элдик үч компаниядан өтүнүчтөр түшкөн. Сынакта утуп чыккан компания 2 миллион доллар бонус төлөшү абзел. К.Какитаев ал акчаны кантип төлөөнүн шарт-жоболору инвестициялык келишимде такталарын билдирди.

- Тендерди дагы бир жумага узартып жатабыз. Бул аралыкта кенди иштетүүгө кызыкдар компaниялардан дагы келип калышы мүмкүн деп үмүттөнүп жатабыз.

Жаңы жылдан берки 5 айдын ичинде “Кумтөр” 4,3 тонна алтын өндүрдү. Жалпы тоокен тармагынын бул аралыктагы өндүргөн продукциясы 11,2 миллиард сомду түздү. Тоокен тармагы Кыргызстандын ички дүң продуктусунун 10,8% түзөт. Бирок да кийинки үч жылдан бери “Кумтөр” алтын кенинин өндүрүш ырааты мурдагысынан кыйла төмөндөп, анын салакасы жалпы эле өнөржай өндүрүшүнө тийүүдө. Өкмөт “Кумтөр” алтын кенин иштетүү шарттарын кайра карап, 2007-жылкы келишимди жаңылап, кезектеги сүйлөшүүлөргө камданууда.
XS
SM
MD
LG