Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

9:50 И.Исаков: “Мыйзамды аткарбагандык көп көйгөйлөрдүн башы”


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков мындай пикирин Чүй облустук администрациянын кеңейтилген кеңешмесинде билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик мекеме, уюмдардын жооптуу кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү тармактардагы абалды жакшы иликтебегендиктен жана айрым көйгөйлөрдүн пайда болуу себептерин алдын-ала билбегендиктен коомдо көп карама-каршылыктар болуп жатат. Алар көбүнчө диний кырдаал, миграция, кылмыштуулук жана атуулдукту алуу жагдайларында ачык байкалат. Ошондуктан, кургак цифраларга толгон статистикалык маалыматты берүүдөн иштиктүү чараларды көрүү зарылдыгы бышып жетилгендигин белгилеп, конкреттүү натыйжалар үчүн иштөө керектигин билдирди. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты. (BD)

XS
SM
MD
LG