Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

10:20 Укук коргоочу уюмдар Адилет министринин талабына нааразы


“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча Адилет министри Марат Кайыповдун бейөкмөт уюмдар кандай максат менен кайдан каражат алып, аларды кайда жумшагандыгы тууралуу мамлекеттик тиешелүү мекемелерге маалымат берүүгө милдеттүү деген талабы туура эмес. Анын айтымында, бейөкмөт уюмдар эл аралык уюмдар менен Кыргызстандын азыркы жана мурунку президенттери кол койгон эл аралык келишимдердин негизинде иштеп, көптөгөн гранттарды алып келип, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн салым кошуп жатышат. “Ал эми Адилет министринин бейөкмөт уюмдар бирөөнүн акчасын алгандан кийин алардын буйругун аткарып жатат деген билдирүүсү негизсиз, себеби, алар берген акчасынын натыйжасын коомдун өнүгүүсүнөн көрүүгө кызыкдар”-деген Төлөкан Исмаилова бейөкмөт уюмдар казынага төлөгөн салыгы эле кайдан канча акча алып жаткандыгынын күзгүсү экендигин белгиледи. Адилет министри Марат Кайыпов чет өлкөдөн каражат алган уюмдар аны берген уюмга кандайдыр бир деңгээлде карыз болуп, алардын көрсөтмөсүн аткарып, Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей калат деп, өзүн сыйлаган мамлекет чет өлкө берген каражат тууралуу так маалымат алуусу зарыл экендигин билдирген. Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда азыр 11 миң 35 бейөкмөт уюм бар. (BD)

XS
SM
MD
LG