Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Амирбек Усманов, Прага Быйыл 17-февралда Косово провинциясы өзүн Сербиядан күнкорсуз деп жарыялагандан бери дүйнөнүн саясый картасында жаңы пайда болгон өлкөнү 43 мамлекет, алардын ичинде АКШ жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн көбү тааныды. Бирок, Россиянын каршылыгана байланашытуу Косовону БУУ алиге чейин тааный элек. Бул жагдай Косовонун эл аралык телефон байланышында өз кодун алуусуна тоскоол болууда. Андыктан, жергиликтүү эл үч түрдүү кодду пайдаланууга мажбур. Калкынын негизин албандар түзгөн жаш мамлекетте азырынча улуттук паспорт да жок.

Косоволуктар азыр тыш өлкөлөргө телефон чалуу үчүн тейлеген операторуна жараша үч түрдүү кодду пайдаланышат. Анын жайын «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Приштинадагы кеңсесинин башчысы Ардана Видишики мындай түшүндүрөт:

-Косоводо үч мыйзамдуу телефон оператору бар, бирок өзүнүн эл аралык телефон коду жок. Мен e-mail кат жөнөткөндө мага байланышка чыкчу адамга эки телефонума таандык коддорду жазганды унутпашым керек. Менин үй телефонумдун коду 381- Сербиянын коду. Чөнтөк телефонумдун коду 377- Монаконун коду. Косоводогу үчүнчү оператор Словениянын кодун- 386ны пайдаланат. Башың айланат.

Косово өз кодуна ээ болуу үчүн БУУнун алдындагы Эл аралык телекоммуникация союзуна мүчө болууга тийиш. Бирок, ал үчүн оболу Улуттар Уюмуна мүчө болуш керек. Ал эми БУУнун Косовону өз катарына алуусу үчүн дүйнөнүн 40 өлкөсүнүн, анын ичинде АКШнын, Евробримдикке кирген 27 өлкөнүн 20сынын тааныганы жетишсиз болууда. Сербияны колдогон Россия Коопсуздук Кеңешиндеги вето укугунан пайдаланып, маселени алга жылдырбай турат.

Косоволуктардын алиге өз паспорттору да жок. Ырас, 2001-жылдан тарта косоволуктар провинциядан тышка чыкканда Улуттар Уюму берген күбөлүк документти пайдаланышат. Бул документ менен дүйнөнүн 39 өлкөсүнө чыга алышат. Бирок, аны алуу кыйын болгондуктан, чет өлкөлөрдө жашаган косоволуктардын көбү аргасыздан эски югослав паспортун колдонуп жүрүшөт.

Учурда Косово өкмөтү улуттук паспортту чыгарганы жатат. Жаңы паспортту коңшу өлкөлөрдүн ичинен жалгыз Албания гана таанууга даяр экени маалым.
Бирок да косолуктарды Батыштын бир катар өлкөлөрүнүн Приштинада элчилик ачканы кубандырат. Болбосо, виза ачуу үчүн канча акча сарптап, Албания, Македония же Сербиянын байтактына барышчу. Жашоонун мындай кыйынчылыктарына карабай, косоволуктар эртеңки күн бүгүнкүдөн жакшы болот деп ишенишет, дейт Ардона Видишики:

-Косоволуктар үчүн жашоо - жаңы туулган эгемен өлкөдөгү, өздөрү жана ата-бабалары кылымдап тилек кылган өлкөдөгү дагы бир узун, татаал, машакаттуу күндүн бири катары өтүүдө. Аларда дале да эртең Күн эртерээк чыгат, жеңилирээк болот деген үмүт бар.

Европадагы эң жарды аймак саналган Косоводо болжол менен 2 миллиондон ашуун эл жашайт. Алардын 92 пайызы албандар, 5 пайыздан бир аз көбүрөөгү сербдер. Калгандары башка улуттар.
XS
SM
MD
LG