Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

ПАКИСТАН: ЭЛЧИ ХАТТАК СҮЙЛӨШҮҮГӨ ЧАКЫРАТ


Пакистандын Түндүк-Батыш Чек ара дубанынын бийликтери талибдер менен “ал-Каида” бугуп жаткан ооган чек арасы менен чектеш аймакта иш алып барууга Афрасиаб Хаттакты дайындады.

Тынчтык элчиси өзү улуту пуштун саясатчы жана укук коргоочу катары белгилүү. Учурда Пакистандын армиясы бул аймакта исламдык согушкерлерге каршы согуштук операция даярдап жаткандыгы кабарланууда. Афрасиаб Хаттактын айтымында, Түндүк-Батыш Чек ара дубанынын баш калаасы Пешавардын айланасындагы кырдаал курч болгону менен, бул шаар согушкерлердин колуна өткөнү калды деп айтуу али эрте. Хаттак ошондой эле Пакистан өкмөтү бул аймактагы кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга аракет жасап жаткандыгын билдирди:

- Жаңы өкмөттүн ишке киришкенине 100 күн боло элек. Бирок акыркы бир нече жумада биз Исламабадда жана Пешаварда көптөгөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Биз ошондой эле ар тараптуу стратегияны иштеп чыктык. Бул стратегия ишке ашырылат, анын жыйынтыгын силер жакын арада көрөсүңөр. Жаңы өкмөт эскисинен айырмаланып, сүйлөшүү жүргүзөт, мыйзамды бузгандарга карата гана күч колдонот.

Бирок исламчыл козголоңчулардын туруму өзгөчө күчтүү болгон Сват аймагында өкмөт талибчил согушкерлер менен эки тынчтык келишимине кол койгон. Бирок мында бүгүн да кыздар окуган мектептер өрттөлүп, козголоңчулардын саясий каршылаштарын өлтүрүү токтогон жок. Анын аралыгында, америкалык аскерлер Пакистандын ичкерки жагындагы согушкерлерге каршы чабуулдарын күч алдырып, ал эми ооган президенти Хамид Карзай Пакистандын аймагындагы талибдерге сокку урулушу мүмкүн экендигин эскерткен. Бул кырдаалды Хаттак өкүнүчтүү абал деп эсептейт:

- Пакистан менен Ооганстандын ортосунда тирешүүнүн күч алганы бизди кубандырбайт. Биз оогандардын бир тууган коңшу өлкө деп санайбыз, ошондуктан ортобузда кызматташттык жана достук мамиле болушу керек. Биз эки тараптуу мамилелерге кедерги болгон көп көйгөйлөрдү билебиз, бирок биз бири-бирибизди түшүнүп, аларды сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек.

Пакистан өкмөтүнүн өкүлү коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы маселелерди чечүүдө курал колдонууга караманча каршы экендигин бышыктап, былтыр Кабулда өткөн эки элдин аксакалдар кеңешинде да ушул жөнүндө айтылганын эске салды.

XS
SM
MD
LG