Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

17:30 “Centerra Gold” компаниясынын акцияларын өз менеджерлери сатып алып жатышат


Бул тууралуу Кaнаданын “Resource Investor” агенттиги жазып чыкты. Ага Кумтөр кенин иштетип жаткан компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы талаш таасир берип, акыркы үч айдын ичинде акцияларынын баасы 60 пайызга арзандаган. Ушундан улам компаниянын катчысы жана кеңешчиси Фрэнк Герберт 9600 акциясынын ар бирин канаданын 5доллар 20 центине сатып алган. Компаниянын вице-президенти Рон Колкагун 4500, каржы боюнча башкы жетекчиси Жеффри Парр 4000 акциясын 5 доллар 39 центтен сатып алышкан. Компаниянын анализчиси Стивен Уокердин баамында, “Камеко” “Centerra Gold” компаниясына тиешелүү акцияларынын баарын сатышы да мүмкүн. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG