Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

Өтүп бараткан жума эл аралык финансы уюмдарынын Кыргызстанда мурдагы мезгилдегидей активдүүлүгүнүн байкалышы, оппозициянын тегерек стол жыйынга чогулуп, алдыдагы пландарын талкуулашы, “Де-факто” гезитинин айланасындагы чырга Жогорку Кеңештин комитетинин аралашуусу менен коштолду. Андан сырткары АКШнын дипломатына куйрук улай Бишкекке Жамааттык коопсуздук келиши уюмунун баш катчысы Николай Бордюжанын сапары, мурунку президент Аскар Акаевдин жан-жөкөрлөрү кирген “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын түзүлүшү да саясий турмуштагы олуттуу окуялардан болуп калды.

Оппозициясынын копшолуусу, Акаевге жакын саясатчылардын биригүүсү...

Дүйшөмбү күнү өлкөдөгү оппозициялык күчтөр чогулуп, азыркы түзүлгөн кырдаал, биригүү жана күзгү саясий акциялар тууралуу ой бөлүштү. Бул жыйынга “Акыйкат үчүн” кыймылга кирген саясатчылардан башка Социал-демократиялык партиянын өкүлдөрү да катышты. Ал эми мындай жыйындарга чанда келүүчү “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов келип, өлкөдөгү кырдаал жана президент менен мамилеси тууралуу ой бөлүшүп кетти.

Күзгү акцияларды даярдоо жана биригүү идеясын негизинен социал-демократтардын өкүлдөрү Роза Отунбаева менен Иса Өмүркулов көтөрдү. Ар кандай акциялардын бир аз абайлап калган “Акыйкат үчүн” кыймылдын өкүлдөрү болсо саясий күчтөрдү бириктирүүчү платформаларды гана айтып чыкты. Маселен, кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов оппозициялык күчтөр энергетика, азык түлүк коопсуздугу жана адам укуктарынын айланасында баш кошууга даяр болуп калганын айтып, бирок акцияларга шашылбай, аны терең ойлонууга чакырды.

Ал эми Роза Отунбаева бийликти тизгиндеп туруу үчүн күзгө нааразылык акциянын мезгилин дайындоону сунуштады:

Биз мына ушул күчтөрдүн баары биригип туруп, даярдык көрүшүбүз керек. Мына ошондо булар (бийлик) да даярдык көрүшсүн. Мына ошондо биз бийликти тизгиндеп, алардын жайында уктабай, эс албай иштешке аргасыз кылабыз. Антпесек Кыргызстан калкы үшүп калат деп атам.

Мына ушул эле жыйында “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов энергетика тармагын менчиктештирүүнү жактап чыкты:

Учурда Бишкек ТЭЦи, “Түндүкэлектро”, “Бишкекжылуулуккоммуналдык тармагын” менчиктештирүү маселеси турат. Аларды менчиктештирбей коюуга болобу? Аларды кармап турууга, көтөрүүгө бизде каражат да, убакыт да жок. Ошондуктан мен мындай шартта менчиктештирүүнү жактаймын.

Феликс Кулов президент Курманбек Бакиев менен айрым маселелер боюнча тил табышууга болоорун кошумчалады. Мисал катары Кулов чакан жана орто энергетика боюнча “Ар-намыс” партиясынын сунушун президент кабыл алып, аны ишке ашырууга салымын кошуп жатканын айтты.

Ал эми “Ата мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев оппозицияны эски тарынычтарды унутуп, биригүүгө үндөдү:

Келгиле биз парламенттеги социал-демократтарды биздин бөлүгүбүз катары тааныйлы.Келгиле мурдагы мезгилдеги пикир келишпестиктерди унуталы. Мисалы, Топчубек Тургуналиев менен. Мына ошондой шартта гана биз бириге алабыз.

Бул сөзү менен Өмүрбек Текебаев социал-демократтар менен “Ата мекендин” жакындашуусу жөнүндөгү сөздөрдү ого бетер күчөттү.

Ошентип, оппозиция өкүлдөрү өздөрүнүн позицияларын ачыктап, биригүүнүн контурларын сыймалап көрүп жаткан чакта, мурунку президент Аскар Акаевге жакын саясатчылар интеллигенциянын өкүлдөрү менен биргеликте “Бирдиктүү Кыргызстан” аттуу кыймыл түзүшкөнүн жарыялады.

Кыймылдын аксакалы катары Турдакун Усубалиев аталып, лидери катары Амангелди Муралиев тандалып алынды. Курамында болсо Осмонакун Ибраимов, Болот Жанузаков, Каныбек Иманалиев, Мар Байжиев жана башка саясатчылар, окмуштуулар бар экени айтылды.

Амангелди Муралиевдин сөзүнө караганда, бул кыймыл “келсин”, “кетсин” деген кыйкырыктар менен радикал кадамдарга барбайт. Бирок өзүнүн программа, сунуштарын гезиттерге жарыялап турат. Азыркы бийликти болсо ымалага келе бербеген, өзүнүкүн бербеген “тоң моюн” бийлик катары сыпаттайт.

Мына ушундай саясий партиялардын, саясатчылардын активдешүүсүнүн артында эмне жатат?

Бир жагынан, социалдык-экономикалык кырдаалдын татаалдашы, энергетика тармагындагы тагдыр чечүүчү учурдун келиши негизги түрткү болгондой. Бирок, күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана 2010-жылдагы президенттик шайлоого аз убакыттын калышы чоң роль ойной баштагандай. Белгилүү болгондой “Ата мекен” партиясы быйылкы жылдагы негизги саясий өнөктүк катары Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышууну атап, аны “Биздин Сталинградыбыз” деп атаган.

Президент ар кошкон күчтөрдү бириктирип “Ак жол” партиясын таасирлүү күчкө айланткандай, оппозиция ага тең келиш үчүн биригиши зарыл. Мындай биригүү зарылдыгын социал-демократ Иса Өмүркулов ачык айтты. Бир жагынан андай тенденциялар, далаалаттар байкалууда. Маселен, Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин жакындашуусу. Ал эми “Ак шумкарды” кайрадан жандандырган Темир Сариев азырынча жалгыз турат. Эгерде ал Адахан Мадумаров менен бириксе олуттуу күчкө айланаары турган иш. Бирок амбициясы күчтүү “эки кочкордун башы бир казанда” кайнашы кыйын нерсе...

Өкмөт күзгү күрөштүн камында...

Оппозиция ошентип өз жыйынында бийлик азык-түлүк, энергетика маселесин оңдуу чече албай жатат деп сындап жаткан учурда өкмөт жыйынга чогулуп, жазгы-талаа иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Иш жүзүндө бул жыйында күзгү түшүм кандай болот деген маселе көтөрүлдү. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоевдин айтымында, быйыл 800 миң тонна буудай жыйналат. Бирок дан элге жетиштүү болуш үчүн 300 миң тонна буудай четтен сатылып алыныш керек. Өкмөт азырынча, дан сатып алууга 300 миллион сом каражат бөлдү. Бирок ал акчага 20 миң тоннанын тегерегинде гана буудай келет. Ал эми 300 миң тонна буудай сатып алуу үчүн 4.5 миллиард сомдун тегерегинде акча керек. Анчалык каражат өкмөттө жок. Ал эмес өкмөт болгон бюджеттик чыгашаларын да кыскартууга баратат. Анын себептерин каржы министри Тажикан Калимбетова парламентте билдирди:

Эмне себептен республикалык бюджет өзгөртүлүүдө? Биринчиден, айта кетсек, бюджеттин киреше бөлүгү өзгөрдү.Салык инспекциясы кирешени 425 миллион сомго, бажы инспекциясы 400 миллион сомго,Улуттук банк кирешесин 700 миллион сомго көбөйтүүдө.Ошону менен бюджеттин кирешеси 1.5 миллиард сомго өстү. Ошол эле мезгилде чыгашалар 2 милилард 600 миллион сомго көбөйүүдө. Ошондуктан биз министрликтердин чыгашаларын 20% кыскартып жатабыз.

Дан маселеси боюнча мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Пайзуллабек Рахмановго бир катар суроолор менен кайрылган элек:

-“Азаттык”: Кече күнү өкмөттүн жыйынында дан маселеси каралып, 300 миң тонна дан сатып келишибиз керек, ошондо жетиштүү болот деген сөз айтылды. 300 миң тонна жетиштүүбү чын эле?

Пайзуллабек Рахманов: Бир жылга бизге 800 миң тонна буудай керек. Анын биз өндүрүп жатабыз. Бирок 300 миң тонна алып келиниш керек. Бирок анын ичине мамлекеттин эсебинен сатып алынып келе тургандар эле эмес, жеке ишкерлер алып келип жаткандар кирет. Алар Казакстан, Россиядан жыл сайын сатып келип жатпайбы. Мына ошолор алып келгендерди кошкондогу сандар жөнүндө сөз болуп жатат.

-“Азаттык”: Өкмөт 300 миллион сом бюджеттен дан сатып алууга бөлдү.Жаз айларынын башында ушунча сумма жергиликтүү дыйкандардан түшүм сатып алынат деп айтылган. Ушул бөлүнгөн сумма эми кандай пайдаланылат?

Пайзуллабек Рахманов: 300 миллион сомго өзүбүздүн дыйкандардан гана дан сатып алабыз. Бирок ал акча 20-25 миң тонна буудай сатып алганга гана жетет.

-“Азаттык”: Азыркы кезде абал кандай болуп жатат. Сиздердин кампаңыздарда канча дан бар?

Пайзуллабек Рахманов: Дан бар. Анын канча экенин айтууга болбойт. Мамлекеттик сыр. Бирок жетиштүү. Ишенимдүү түрдө айтам жетиштүү.

-“Азаттык”: Баалардын тенденциясы кандай болот мындан ары?

Пайзуллабек Рахманов:Баанын тенденциясы оруп-жыйуу жүрүп жатканда өспөйт.Тескерисинче баалар түшүп, ун 2 сомго арзандап, дүң баасы 22 сом болуп калды.Андан кымбаты жок.

-“Азаттык”: Казакстандан 50 миң тонна сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр болгону кабарланган эле. Ошол дан алынып келиндиби?

Пайзуллабек Рахманов: Ал 1-июлдан баштап жөнөтүлөт. Ага даярдык көрүлүп бүттү. 50 миң тоннанын баары келет. Ал мамлекетке таандык болот жана материалдык резервдин кампасына коюлат.

-“Азаттык”: Демек, айрым адамдардын азык-түлүк коопсуздугу чатак, элге дан жетпей калат дегенинде негиз жокпу?

Пайзуллабек Рахманов: Жок. Эч кандай негиз жок. Негиз болбойт дагы.


Жогорку Кеңештин каникулу, “Де-факто” чырынын комитетте талкууланышы

Жума күнү Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы соңуна чыгып, депутаттар жайкы каникулга тарап кетти.Сессиянын жабылышында парламенттин шайлангандан берки ишинин жыйынтыгы тууралуу төрага Айтибай Тагаев буларды айтты:

Жарым жылга созулган биринчи сессиянын аралыгында Жогорку Кеңеш 29 жыйналышын өткөрдү. Парламент мына ошол жыйындарда негизинен экономиканы өнүктүрүү, элди социалдык жактан коргоо, эл аралык маселелерге байланышкан өтө маанилүү 214 мыйзамды, 582 токтом кабыл алды. Бул аралыкта 14 парламенттик угуу, 3 өкмөттүк күн өткөрдү. Мына ушул көрсөткүчтөр эле ар бириңиздердин үзүрлүү эмгегиңиздерди көрсөтүп турат.

Партиялык тизме менен шайланган алгачкы парламенттин биринчи сессиясы мына ушундай сыйда эле өтүп кеткен жок. Анын учурунда бир катар чатактар чыгып, анын бирөөсү Адахан Мадумаровдун төрагалыктан алынышы, “Ак жол” фракциясында олуттуу жаңжалдын чыгышы менен коштолду.

Ошентсе да партиялык тартип өкүм сүргөн бул парламентте айрым маселелер ылдам чечилип жатканы да маалым. Маселен, көпчүлүк бир топ прогрессивдүү деп эсептеген жаңы “Салык” кодексин Жогорку Кеңеш ылдам кабыл алып, экинчи окууга жиберди. Бирок парламент кабыл алган мыйзамдар атуулдук коом тарабынан сынга алынган учурлар арбын болууда. Өзгөчө телекөрсөтүү жана радиоуктурууга, тынч жыйналуу укуктарына байланыштуу мыйзамдар чыр-чатактарды, сындарды жаратты. Коомчулуктун өкүлдөрү эркин жыйналуу укугуна чек койгон мыйзамга кол койбоого президентке кайра-кайра кайрылууларды ушул кезге чейин жиберүүдө. Бирок ага жооп боло элек.

Парламент каникулга тараган күнү Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат комитети “Де-факто” гезитинин айланасында түзүлгөн кырдаалды карады. Ага Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаев катышты. Ал эми депутаттардан социал-демократиялык фракциянын депутаттары толук, “Ак жол” жана коммунисттер фракцияларынын бирден депутат келди. Комитеттин жыйынына катышкандар бир пикирден “Де-фактонун” айланасында түзүлгөн кырдаал сөз эркиндигине коркунуч келтирерин белгилешип, маселенин адилет чечилишин камсыздоону прокурор Айбек Тургунбаевдан сурашты. Талкууда “Де-фактого” карата жүргүзүлүп жаткан чабуулдун артында Акүй турганы ачык айтылып, тартип коргоо органдарынын маалымат каражаттарына бир кылка эмес мамилеси сынга алынды.

Роза Отунбаева гезиттин айланасында түзүлгөн кырдаалга мындай баасын берди:

-Бул саясий заказ менен жасалган иш. Анын азыркы кезде түзүлгөн кырдаалга жараша объективдүү себептери бар. Анткени биз коррупциялашкан, өтө терең коррупциялашкан коомдо жашап жатабыз. Бул гезитти Медет Садыркулов жабууга аракет кылбасын. Анын артында өзүнүн коррупциялык чатактары турат. Ага коомчулуктун суроолору дагы эле бар. Биз мындай шартта “Де-фактону” коргоого алышыбыз керек. Мен ошого чакырам .

Мына ушундай нота менен жазгы саясий сезон аяктап отурат. Бирок эмгек өргүүсү күчөгөн жай айларында “Кыргызтелекомду”, энергетика тармагын менчиктештирүү ишке ашып кетүүсү ыктымал. Ошондуктан күзгү саясий сезонго “жем” арбын болоору турган иш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG