Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

ДЕМОКРАТИЯ САРСАНААСЫ: ЕВРОПА АЛЫС, КОКОН ЖАКЫН


Кыргызстанда демократиялык реформалар жайлап, өлкө өзүмчүл бийликтин кысымы алдында калыш коркунучу башбактап жатканын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму жана башка эларалык мекемелер кыйладан бери айтып келатышат. Айрыкча Казакстан Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна жетекчилик кылуу учуру жакындаган сайын чөлкөмдөгү саясий-экономикалык жагдайга кызыгуу күчөй баштады. “Азаттык” үналгысынын “Бетме-бет” пикир алышуусунда демократия жагдайы тууралуу кеп болду. Талкууга парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Бегаaлы Наргозуев жана “Саясат, коопсуздук, дин” коомдук фондунун жетекчиси Орозбек Молдалиев катышты.

Бекташ Шамшиев: -Орозбек мырза, Кыргызстандагы демократиянын азыркы абалына тынчсызданган ойлор көп айтылып жатат. Буга негиз барбы?



Орозбек Молдалиев: - Негиз жок деп айтканга болбойт. Негиз бар. Кыргызстандагы саясатка, бийликтин азыркы саясатына сын пикирлердин көбү укук коргоо уюмдары, атап айтканда “Хюман Райтс Уотч” тарабынан айтылып келатат. Адамдардын граждандык укуктары чектелип жатат, оппозициянын лидерлери куугунтукка алынып жатат. Укук коргоо органдары кармаган адамдардын ичинде өлүп калгандары болуп жатат. Эркин журналисттерди атып кетишүүдө. Эркин гезиттер жабылып жатат, деген сындуу фактыларга таянылган кинелер коюлуп жатат.

Анан жакындан бери “Де Факто” гезитинин айланасындагы окуяларга байланыштуу биртоп сын айтылып жатат. Референдум бир топ мыйзам бузуулар менен өттү деген пикирлер бар. Бизде мындай болуп жатат. Демократия деп биз көбүнчө шайлоону түшүнөбүз. Аны көп партиялуу кылып, партиялык тизме менен шайлоо өткөрүп койсок эле демократиялуу деп жатпайбызбы. Азыркы парламенттеги коммунисттер менен социал-демократтардын позициясы анчалык деле маанилүү эмес. Көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясы колдогон маселе гана парламенттен өтөт. Бийликке келген партиянын баары эле ошентет. Өзүнүн кызыкчылыгын көтөрөт. Бирок бул жерде элдин кызыкчылыгы кайда калат, деген суроо чыгат.

Дагы бир чоң мүчүлүштүк, соттордун көз карандысыздыгы болмоюн демократия болбойт. Мына ушул негизге таянып, ошол эле “Де-Фактонун” мисалына келели. Ким калыс чечим чыгарып бере алат? Азыркы соттор чечим чыгарса, гезит баары бир бийликтин айткан-дегени менен жасалган иш деп чыгат. Адилетсиздик деген ушул деп чыгат. Бийлик өкүлдөрүнүн пикирин аңдасак, алар: “Биздин демократия Батыштын демократиясына окшош эмес. Батыштагылар сын айта берет. Биздин менталитетбиз бөлөк. Биздин демократиябыз башкача болот” дейт. Бирок анда биз демократия менен мамлекеттик башкаруy формасын башкача кылып алышыбыз керек. Ылайык жагын Батыштан алып, ылайык эмесин өзүбүздөн болсун десек кош стандарт болуп калат.

Бекташ Шамшиев:-Кыргызстан демократия жолунан четтеп баратат, реформалар жүрбөй калды деген пикирлер көп айтылат. Мунун канчалык чындыгы бар?



Бегаалы Наргозуев: - Демократия бизде “балалык оорусун” башынан кечирип жаткан чагы го деп ойлойм. Ал эми тынчсыздануулар туyра эле деп эсептейм. Анткен себебим, чет өлкөлүк уюмдар менен биздеги бейөкмөт уюмдардын кылар иши ушул. Байкап, өздөрүнүн ойлорун билдирип турушу керек. Андан жамандык издөөгө болбойт.

Бирок, маселенин экинчи жагы бар. Демократия бизде өнүгүп баратат. Аны танууга болбойт. Аны коңшу өлкөлөр менен салыштырып келатабыз. Бирок “Эшегине жараша тушагы” дейт. Биздин коом демократияга канчалык даяр? Ушул маселе көбүнчө көз жаздымда калып келатат. Феодалдык коомдогу трайбализм бизде гүлдөп-өнүгүп жатат. Демократия өнүккөн сайын трайбализм деле аны менен тең жарышып келатат. Ошол деңгээлден чыга албай келаткан калк Батыш үлгүсүндөгү демократияны кабыл алышка даярбы?

“Де-Факто” боюнча айтайын. Анда иштеген журналисттерди жакшы тааныйм. Көбү биздин “Агымда” иштеп кетишкен. Кеп бул жерде “Де-Факто” жөнүндө эмес, биздеги көз карандысыз маалымат каражаттарынын жоктугунда болуп жатат. Жакында бир саясатчы ушинтип айтты. Аныкы туура. Маалымат каражаттары экиге бөлүнүп алышкан. Бири оппозициянын сөзүн сүйлөйт, экинчиси жалаң бийликти мактап жатып алат. Менимче, “Де-Фактого” мына ушул бөлүнүүчүлүктүн салакасы тийип калды го деп ойлойм. Муну күч менен чечүүгө болбойт. Анан компьютерин алып кетсе да башка жерден барып гезит чыгарыш бизде гана бар. Ойлоп көрүңүзчү, ушундай нерсе бир тешикти жапса экинчисинен чыга калып гезит чыгарыш, коңшу өлкөлөрдө мүмкүнбү? Басмакана да эркин. Мындай мүмкүн эмес башка жерде.

Менин оюмча, биздин демократия идеалдуy эмес, андай болушу да мүмкүн эмес, ал өсүштүн жолунда. Анын тепкичтерин басып өтүп жылдардын бир жылдарында биз демократияга келебиз деген үмүтүм бар.

Бекташ Шамшиев: -Орозбек мырза, бизде идеалдуу демократияны Батыш коомуна байланыштырышат. Биздин коом ага даяр эмеспи?

Орозбек Молдалиев: -Биринчиден идеалдуу демократия деген болбойт. Батыш демократиясынын деле кемчиликтери толуп жатат. У.Черчиллдин айтканы бар: “Демократия деген начар эле система. Бирок адамзат андан жакшы системаны азырынча ойлоп таба элек”. Кыргызстан демократиядан чегинди деп айтыш туура эмес. Биз демократияга бараткан жолдон чегиндик десек туyра болот. Биз демократиялык коомго жете элекпиз. Андай коомдун өзүнүн форма, белгилери бар. Бегаалы туурa айтып атат. Биз ага даяр эмеспиз. Коом даяр эмес. Менталитет, саясий деңгээлибиздин төмөндүгүн шайлоо көргөзүп жатпайбы.

Бийлик ресурсун колдонуyга жол берген электораттын демократияга даяр эместигин ушундан деле көрсөк болот. Бирок мына коңшу өлкөлөр айтып жатышат. “Биз демократияга азыр даяр эмеспиз, коомду ошого даярдашыбыз керек “ деп эркин гезиттерге жол бербей, Интернет сайттарды жаап жатышат. Мындай мамлекеттер эч качан демократияны курбайт. Аларга салыштырмалуу жакшыбыз деген биз да демократияны кура албайбыз. Демократиянын негизги принциптерин карманып, өнүккөн мамлекеттер өткөн жолдо болмоюнча биз эч качан өнүкпөйбүз. Саясатты токтотуп экономиканы өнүктүрөлү дедик эле эмне үчүн экономика өнүкпөй жатат? Себеп дегенде, саясат экономиканын өнүгүшүнө шарт түзүп бериши керек. Көз карандысыз сот болмоюнча менчик талаш түгөнбөйт. Ар ким келип менчикти талаша берет. Кийинки бийликте деле бул сактала берет.

Ошон үчүн соттун көз карандысыздыгы болмоюн, менчикке кол тийбестик орномоюн, анан да ага саясат шарт түзүп бермейин экономикада өнүгүү болбойт. Шарт түзүлгөндө гана экономикада өнүгүү башталат. Биз демократияга даяр эмес дешибиз туура эмес. Биздин массалык маалымат каражаттарыбыз бирбеткейликтен арыла албай жатат. Же кара, же ак дейт. Эки пикирди бир бергенге үйрөнүп алса, калганын адамдар өздөрү эле талдап алмак.

Бекташ Шамшиев: - 1-июлда Конституциялык сот тынч көчө жыйын, жөө жүрүштөрдү ыраатка салууга багытталган Бишкек шаар кеңешинин өткөн жылдын 5-декабрында кабыл алган токтомун караганы турат. Мына сиздердин парламент дагы Исхак Масалиев даярдаган тынч жыйын, көчө жүрүштөрүн жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Ал чоң талкууга түшүп жатат. Мыйзамдын кабыл алынышына эмне себеп болду?

Бегаалы Наргозуев:- Орозбек мырза сот эркин болушу керек деп жатпайбы. Идеалдуу демократия жок дегендей эле соттордун идеалдуу эркиндиги жок. Көз карандысыздык деле биздин менталитетке келип таянат. Эгер сотко барган арыздануучу менен жоопкер экөө тең акча бербесе калыс чечет. Бирөөсү эле акча берсе ошонуку туура болуп чыга берет. Ошондуктан соттордун да идеалдуу көз карандысыздыгы жок.

Жыйындар тууралуy айттыңыз. Мен ушул мыйзам долбоорунун демилгечиси Исхак Масалиевдин жүйөөсүн угуп, талкууда отурдум. Ал киши да Орозбек абадай У.Черчилл сындуу улуу кишинин сөзүн келтирип, биз демократиядан башаламандыкка өтүп баратканыбызды айтты. Көчө жыйындарды тартипке салуу керектигин белгиледи. Талкууда социал-демократтар, биздин “Ак жолдон” да бирөө-экөө каршы болду. Бирок колго сала келгенде өтүп кетти. Мен калыс добуш бердим.

Бекташ Шамшиев: - Орозбек мырза, мына ушул көчө жыйын, жөө жүрүштөрдү жөнгө салуунун канчалык кажети бар эле?

Орозбек Молдалиев: - Маселенин эки жагы тең бар. Бизде эл жыргаганынан жолду тосуп жаткан жери жок. Бийлик укпай койгондон үй оокатын таштап коюп өзүнүн саясий оюн билдирип жатат. Бул эми демократиянын бир түрү. Эми экинчи жагын айтсак, бизде саясий көчө жыйын өткөрүүнүн маданияты да төмөн болуп жатат. Ал жагын да айтышыбыз керек. Андай жыйындардын аягы ак кепкачандарын аренага чыгышы, мушташ-талаш, анан милиция чоңдору келип көздөн жаш чыгарчу газ колдонуу менен аяктап жатат.

Жыйын өткөрүүнүн тартибин биздин укук коргоо органдарыбыз да, оппозиция да жакшы биле албай жатат. Экөөндө тең кемчилик бар. “Керкисинде да, кемигинде да бар”. Ошол жыйындарды өткөрүү тартиби жөнүндө мыйзам кабыл алыш керек болчу. Милициянын жоопкерчилиги, оппозициянын жоопкерчилиги так көрсөтүлүшү керек. Анан экинчиден, ошол мыйзам автору жолдош И.Масалиев, коммунист, ал эмне үчүн митингди В.Лениндин эстелигинин жанында өткөрөт да калган эл Максим Горькийдин эстелигинин жанында өткөрүшү керек? Же ал Ленин эстелигинин жанындагы аянтты приватташтырып алганбы? Демократия бирдей болбой жатат. Бийликти колдогон демонстрация болсо чоң аянт, оппозицияга болсо байкуш М.Горькийдин эстелигинин жанынан, болбосо башка бир ээн жерге барып өткөрүүгө туура келет. Анысына деле мейли, бирок ага бийлик тараптан реакция жасалбай жатпайбы.

Бийлик өкүлү жыйын болгон жерге барышы керек. Аны угушу керек, реакция жасашы керек. Ошондой болсо кайсы жер болсо деле мейли болмок. Президент көрсө, бийликтегилер көрсө, кайрылабы деген ой менен ошол аянтта өткөрүп жатат.

Бекташ Шамшиев: -Мына үч жылдан бери бийлик тынчтык, туруктуулук болсун деп эле келатат. Эми ал турууктулук, тынчтык келди. Сиздердин партия парламентте көпчүлүктү түздү, өкмөттү өзү аныктады. Бирок да анткен менен экономикада чоң өзгөрүш, калк турмушу жакшырып кеткен жок. Эмне себеп болууда?

Бегаалы Наргозуев: - Саясий туруктуулук менен кошо экономикада чоң өзгөрүштөр болот деп ишенем. Баары телегейи тегиз деп айтыш кыйын. Бирок чоң өзгөрүүлөр бар экенин өзүңөр деле байкап жатасыздар. Мына миңдеген кою бар байлар чыкты. Алар аз эмес. Кою, жылкысы, малы арбын кишилер көбөйүп баратат. Эгин эгип, шаар стандартындагы үйлөрдү салып жаткандар бар. Шаарда болсо 200 миң, 500 миң, 700 миң долларга үй алып жатышат. Элдин баары эле ушундай деп айта албайм. Мунун артынан дагы жакшы көрүнүштөр пайда болот деген үмүттө турам.

Бекташ Шамшиев: - Орозбек мырза, бийликтин логикасы боюнча саясий туруктуулук, саясий тынччылык экономикалык өнүгүүгө алып келиши керек эле. Бирок андай болобой жатат. Мунун себеби эмнеде?

Орозбек Молдалиев: - Саясий туруктуулуктун жалгыз өзү аздык кылат. Бийлик реформасы аягына чейин чыгып, саясат экономиканын өнүгүшүнө чындап шарт түзүп бермейинче, экономикада өнүгүү болбойт. Энергетика боюнча талаш-тартыштар, менчиктештирүүнүн формалары жөнүндө маселелер сотто аркыл чечилип калууда.

Бегаалы мырза туура айтат, соттор калыс чечим чыгарбай жатат. Соттор көз карандысыз болсо эле баары калыс чечилет деп жүрө берсек соттордун калыстыгына жете албайбыз. Кыргыздар илгертен эле “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деп калыстыкты туу тутуп келишкен.

Ыймансыз соттор эртең эле көрүнүп калат. Аларды ачыкка чыгарыш керек. Ал эми эл арасында турмушун оңдоп алгандардын көбөйүп баратышы факт. Бирок ажырым чоң. Өтө байлар менен өтө жардылар көбөйүп кетип баратат. Жакырчылык расмий түрдө 60% делген менен 80% ашып кеткен. Эл бийликке ишенбестигин социологдор аныкташкан. Мына сотторго элдин 90 - 95% ишенбестигин жакында Топчубек Тургуналиев айтты. Кризистин биринчи кабары ушул. Колунда бай бизнесчилердин көбү дүйнө-мүлкүн мынабу Казакстанга, башка жактарга чыгарып кетип жатышат. Дүйнө-мүлкүн эртең тарттырып ийгенден коркуп жатышат.



Бекташ Шамшиев: -Кыргызстанда демократиянын абалы тууралуу жеке пикириңиздер. Абалы кандай?

Бегаалы Наргозуев: - Бизде демократиянын 15 жылдык тарыхы бар. Мен ойлойм, анын келечеги бар. Даяр моделди жөн эле көчүрүп кое албайбыз. Бул узак убакыт созулчу нерсе. Биз планканы аябай эле бийик коюп алганбыз. Бул менин жеке пикирим. Анын туура же туура эместигин айта албайм.

Орозбек Молдалиев: - Демократия десе эле биз бийликти сындай баштайбыз. Бул туура эмес. Демократиянын булагы эл. Ошон үчүн эл өзү биринчи кезекте уюшулушу керек. Бизде мунай, газ жок. Бирок чөлкөмдө биз демократиябыз менен таанылганбыз. Эми андан да артка чегинсек, анда эч ким көңүл бурбай турган мамлекет болуп калабыз.

Бекташ Шамшиев: - Урматтyу меймандар, студияга келип кызыктуу аңгеме куруп бергениңиздерге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG