Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

“Талант тагдыры” музыкалык түрмөктүн мейманы республикалык, эларалык сынактардын бир нече жолку жеңүүчүсү, көрүнүктүү обончу, аккардеончу, белгилүү комузчу Атайбек Бөдөшов. Атайбек ондогон кыргыз угармандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан мукамдуу обондорду чыгаруу менен бирге жайдары, жаркын кайрыктардагы күүлөрдү да чыгарат. Бирок, кыргыз угармандары Бөдөшовун комузчу, аткаруучулук чеберчилигин, чыгарган күүлөрүн жакшы биле беришпейт.

“Кайдасыңар, карлыгачтар”
Сөзү И.Исаковдуку, обону А.Бөдөшовдуку

Эстечи жашыл өзөндү,
Кумдарга түшкөн из кайда?
Бир баскан сулуу көчөңдө,
А силер кайда, биз кайда?
Кайдасыңар карлыгачтар,
курдаштар кайдасыңар...

Чырпыктай кезден жетилип,
Чынарга боюн теңешкен.
Күлгүн суудан кечирип,
Көрүнчү кайра белестен.
Кайдасыңар карлыгачтар,
Курдаштар кайдасыңар...

Үмүттөр күйгөн шам болуп,
Уядан учкан түнөктөр.
Максаттар аткан таң болуп,
Толкундан бүткөн жүрөктүн.
Кайдасыңар, кайдасыңар, кайдасыңар...

Атайбек мырза, өзүңдү жумурай журт, азыркы угармандарга тартуулаганган “Кайдасыңар карлыгачтардар” сыяктуу мукамдуу обондорду чыгарган мыкты обончу, аккардеонду таңшыта тарткан аккардеончу катары жакшы билишет. Ал эми комузчу-аткаруучу, күүдөн-күүнү чыгарган күүчү катары анча жакшы биле беришпейт. Себеби эмнеде?

- Мен алгачкы жолу эле ырларга обон чыгарып, обончу катары таанылдым. Жаш чагымда комуз чертчүмүн. Бирок, залкар, айтым күүлөрдү чертчү эмесмин. Күү чыгаруу үч уктаcам да түшүмө кирген эмес. Кийин-кийин күү чыгарып элге чыкканымда ырларым биринчи планга чыгып, комузчулук өнөрүм экинчи планга калып калды. Ошондуктан, угуучулардын көпчүлүгү комузчу-аткаруучу, күүчү катары жакшы биле беришпейт. Бүгүнкү күндө маданий коомчулукта комуз күүлөрүнө анча көңүл бөлүнбөй келе жатат. Азыр болсо өзүңүз көрүп, билип жүргөндөй ырларга көп көңүл бөлүшүп, ырларды кеңири жайылтууда. Мен мунун себеби ошондон болуш керек деп ойлойм.

Атайбек мырза, абалкы комузчулардын салтын улап элдик “Кербездердин” үлгүсүндө “Шаңдуу кербез”, “Коңур кербез” аттуу күүңдө эмнени баяндадың эле?

- Мен билгенден “Кербездин” эки түрү бар. Биринчи түрүндө жалаң армандар баяндалат. Анда ар бир адамдын арманы күү аркылуу берилген. Ал илгертен бери келе жаткан күүчүлөрдүн салты экен. Экинчиден ошол “Кербездерге” шаңдуу кайрыктарды кошуп шаңдуу да чертсе да болот экен. Маселен ат чаап бараткандай шаңдуу, элдик тойлордо, салтанаттарда өзүнүн кубанычын баяндайт экен. Мен да азыркы заманга, бүгүнкү жашообуздагы кубанычка, шаңдуулукка арнап чыгарган элем. Азыр ошол күүнү чертип берейин.

Рахмат! Атайбек мырза улуу комузчу, залкар кыл кыякчы Муратаалы Күрөңкөев “Күүнүн атын атап, баяндап чертсең угуучуларга тай энчилеп бергендей болосуң” деген экен. Анын сыңарындай эмки черте турган күүңдүн атын атап, таржымалын баяндай отуруп чертип берсең?

- Азыркы черте турган күүм “Аксы кайрыктары” деп аталат. Себеби мен ой жүгүртүп байкасам, ар бир дубанда жашаган элдердин арасында байкаган адамдарга бири-бирине окшобогон кайрыктары болот экен. Маселен Аксыда өзүнүн кайрыктары бар. Аксыда комузчулар көп болгон. Алардын көбүнүн көзү өтүп кетти. Алардын арасында менин устаттарым да бар эле. Алардын черткен күүлөрүнүн кайрыктары көкүрөгүмдө жатталып, бассам-турсам кулагымда жаңырып келет. Ал кайрыктар, күүлөр Кыргыз телерадио корпорациясынын алтын казнасына жазылбай калган. Көрсө, эл арасында көмүскөдө калган күүлөр көп болот экен. Азыр да Аксыда көп. Бүгүнкү күндө тасмага жазып алып жыйнаган илгеркидей фольклордук кабинеттер, адамдар жок. Ал эми Аксы кайрыктары болсо кулагымда угулуп жүрө берди, жүрө берди. Көлдөн чыккан Карамолдо, Ыбырай аталарыбыздын, Оштон Болуш абабыздын, Аксыдан болсо Ниязаалы, Таластан Атай атабыздын, ичкиликтердин да өзүнчө кайрыктагы күүлөрү бар. Аларга салыштырганда Аксы кайрыктары мага башкача сезилди. Анан мен да ошол стилге, үлгүгө салып, кулагымдагы кайрыктарды таап, өзүмдүн да кайрыктарымды кошуп азыркы черте турган “Аксы кайрыктарын” чыгардым. Азыр чертип берейин.

Атайбек мырза, “Бекназар баатырдын арманы” аттуу күү чыгарыпсың. Бекназар деген ким болгон?

- Бекназар деген жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы баатыр. Ал чындыкты издейм деп Болот канга чейин барып, ага кошулуп, кийин орустар менен согушат. Бирок эч ким тарабынан колдоого алынбайт. Баягы эле элди эзмей, жеке атагын, даңкын чыгармай-Бекназар болсо, ошондой адамдар менен күрөшөт. Акыры, өзүнүн туугандары Бекназарды уу берип өлтүрүшөт. Ошол Бекназар абабыздын арбагына, жаркын элесине арнап чыгарган элем. Азыр ошол күүмдү чертип берейин.

Атайбек мырза, жакында бир жаңы күү чыгарыпсың. Ал күүңдү эмнеге, кимге арнадың эле?

- Улуу акын Жеңижок атабыздын күндүр-түндүр айтсаң да түгөнбөгөн “Аккан суу” деген дастаны бар. Аны өзүңүз жакшы билесиз. Ошол Жеңижок атабыздын дастанын окуп, ойго батып, Аксыда суулар көп, аларды элестетип отуруп “Аккан суу” деген күүмдү чыгардым. Жаңы күүнүн бет ачары деп койсом да болот.

Кадырман угармандар! Өзүңүздөр уккан Атайбектин элдик салт күүлөр “Кербездин” өзөгүндө чыгарган жаңы маңыздагы, жаңы кайрыктардагы “Шаңдуу кербез”, элдин эркиндиги, теңдиги үчүн күрөшүп жүрүп, курман болгон Бекназар баатырдын жаркын элесине арнаган “Бекназардын арманы”, улуу актаңдай акын Жеңижоктун терең философиялык мазмундагы “Аккан суу” дастанына таасирлене чыгарган “Аккан суу”, өсүп өнгөн элинин кайрыктарын сыпаттаган “Аксы кайрыктары” аттуу күүлөрү да обондорундай оболоп, калк жүрөгүнөн түнөк табат деген зор үмүт бар.
XS
SM
MD
LG