Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

12:00 Кыргызстан мөңгүлөрүн сактоого тийиш


Мындай пикирди кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу директору Моника Барбю менен бейшемби күнкү жолугушууда билдирип, Тянь-Шань жана Памир тоолорундагы мөңгүлөрдүн абалы ири ГЭСтер менен ТЭЦтерди курулушу менен бузулушу мүмкүн деген кооптонуу бар экендигин белгиледи. Моника Барбю мөңгүлөрдүн табигый калыбын өзгөртпөө үчүн жана чегарадагы сууну ыраттуу пайдалануу үчүн фонддун Эл аралык суу портфели деген тармагынын алкагында суу боюнча эл аралык эксперттердин кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирди. Кыргыз өкмөт башчысынын пикири боюнча, мөңгүлөрдү сактоо боюнча Борбор Азиядагы мамлекеттердин бир багытты көздөшү жана бирдиктүү бир программаны иштеп чыгышы зарыл.(BD)

XS
SM
MD
LG