Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Кыргызстанда дагы бир саясий кыймыл түзүлдү. Кыргызстандын башында жүргөн мурунку коомдук-саясий ишмерлер “Бирдиктүү Кыргызстан” деген ат менен жаңы кыймыл түзүп ишке киришкендиги өтүп бараткан аптадагы маанилүү окуялардын бири болду. Өлкөдөгү көп сандаган кыймылдардын катарына кошулган дагы бир кыймыл эмнеси менен айырмаланышы мүмкүн?

“Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын башында Кыргызстанды 25 жыл башкарган коомдук-саясий ишмер Турдакун Усубалиев, мурдагы премьер министр Амангелди Муралиев, мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов өңдүү мыкчыгерлер турушат. Алардын башкы максаты эле өлкөнүн өөдөлөшүнө салым кошуу. Кыймылдын жетекчиси, мурдагы премьер министр Амангелди Муралиевдин билдиргенине караганда, интеллигенциянын башын кошкон бул кыймыл ар кандай программаларды даярдап, өкмөткө сунуш кылып, ал аркылуу өлкөдө начарлап бараткан кырдаалды оңдоого салым кошкусу келет:

- Жалаң эле глобалдык кризис эмес энергетика жана азык-түлүк кризиси өлкөнүн ички экономикалык кризиси болуп жатпайбы. Жакырчылыкты туйган элдин саны көбөйүп баратат, баалар өсүп жатат, өкмөт энергетика тармагын менчиктештиребиз деп, тарифтерди көтөрүп жатат. Өкмөт бул багытта эч кандай иш-чара көргөн жок деп белгилеп, анан өзүбүз программаларды жазганга болгон күчүбүздү жумшайлы деген чечимге келдик.

Бийлик тарабынан колдоого ээ болгон жагдайда гана тигил же бул кыймыл өз максатына жетип, элдин көзүнө көрүнө алат. Ушундай көз карашты тутунган коомдук жана саясий ишмер Роза Акназарова “Бирдиктүү Кыргызстандын” кандайдыр бир максаттарды ишке ашыра аларына көп ишене бербейт:

- Эгер чогуу иштеп, эксперт катары урунабыз десе, мисалы, экономикалык же тамак-аш коопсуздугу жактан сунуштарыбызды кабыл алышса үмүт пайда болот эле. Биз тегерек үстөл же парламенттик угуу же конференция өткөрүп, анда айтылгандар кабыл алынбаса кереги деле жок болуп калып атпайбы.

Анткен менен бул аптада кыймыл өзүнүн түзүлгөндүгүн жарыялоо менен чектелип, мамлекетти көтөрмөлөөгө кошчу салымын аныктаган программасы азырынча жарыялана элек. Бул аралыкта кыймылды айрым байкоочулар кезектеги эле бийлик үчүн умтулган топтун далалаты катары сыпаттап жиберишти. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков мындай кыймылдардан эл жадап бүттү деген оюн айтты:

- Кыргызстанды кризисттен чыгарабыз деген убалрдын абдан жакшы ойлору болсо, кайра-кайра маалымат жыйынын өткөрүп, айта бербей, планын түзүп президентке бериш керек. Керектүү жерлерде, эл арасында иштеш керек. Болбосо эл жадап бүттү.

Демократиялык нукта өнүгүүгө бет алган Кыргызстанда бул кыймыл акыркысы болбой тургандыгы айдан ачык. Буга чейин түзүлгөн кыймылдардын деле саны аз эмес. Маселен, ыңкылапка чейин түзүлгөн “Акаевге отставка, эл үчүн реформа”, Кыргызстан Элдик кыймылы, ыңкылаптан кийинки “Реформа үчүн!”, “Бириккен фронт”, “Акыйкат үчүн!”, “Бирге!”, Демократиялык бириккен союз, “Кыргызстанды коргоо үчүн!”, “Мен ишенбейм!” деген өңдүү чоң же чакан кыймылдардын деле ар биринин коомдук-саясий турмушта олуттуу орду барын көз карандысыз талдоочулар көп эле айтып келатышат. Маселен, саясат таануучу Табылды Акеров ыңкылаптан кийин олуттуу резонанс жараткан кыймылдардын ана башында “Реформа үчүн” кыймылы тургандыгын белгиледи:

- “Реформа үчүн!” чындыгында эле жакшы кыймыл болду. Себеп дегенде Кыргызстан ыңкылаптан кийин кандайдыр бир деңгээлде кыйчалыш жолго түшүп, андан ары жыла албай атканда түзүлүп, элди демократиялык нукка салып, мындан ары улай турган жолду көрсөткөнгө жетише алды.Албетте, бийлик улай албай, аракеттер текке кетти. Парламент тарады. Жаңы процесстер кетти. Конституция, реформа... Мына ушундан улам да жаңы кыймылдар пайда болууда. Мындайча айтканда, саясий истеблишмент изденүү жолунда болуп атат. Демократиялык нукка кантип кайра буруу керек?

Саясий ири кыймыл катары өлкөнүн тарыхында калган Кыргызстандын Демократиялык кыймылы эгемендүүлүккө аралаш түзүлүп, орчундуу милдеттерди аткарууга кудуреттүүлүгү менен тарыхта калды. Кыймылдын теңтөрагаларынын бири, коомдук, маданий жана саясий ишмер Казат Акматовдун билдиргенине караганда, кыймыл алдына 36 максат коюп, алардын дээрлик көпчүлүгүнүн өтөсүнө чыкты. Алардын катарында Эгемендикке жетүү, эгемен Конституция түзүү, парламентти шайлоо өңдүү милдеттер турган. Акматовдун көз карашында, КДК менен азыркы кыймылдар ар башка кырдаалда иш жүргүзүп жатат, бирок, муну кыймылдарга муктаждык жок катары кароого болбойт. Мурдагы КДК кыймылынын теңтөрагаларынын бири Казат Акматов “Азаттыктын” суроолоруна мындайча жооп берди:

Б. Сарыгулова: - Ушул азыр кыймылдардын, саясий уюмдардын кадыры кеткендей болуп атат да. Кыргыз элитасы да ошонун ичинде жүрүп атат да. Анан азыр ушундай уюмдарды түзүүнүн азыр муктаждыгы барбы деген суроо туулат.

К. Акматов: - Муктаждык бар. Кыймылдар ошол муктаждыктын деңгээлинде иштеши керек. Муктаждык деген экономиканы өстүрүү, саясий акыбалды жакшыртуу. Ошого жараша программа түзүш керек да. Мүмкүн программасын эртең-бүрсүгүнү чыгарар.

Б. Сарыгулова: - Казат агай, айтсаңыз, эмне үчүн 90-жылдардын башындагыдай күчтүү кыймыл түзүлбөй жатат?

К. Акматов: - Мезгилдин бурулушу андай эмес. Ал кезде эгемендикке жетүү максаты коюлган. Бүгүн болсо бийликке жетүү гана максаты. Мисалы, мен Куловдун акыркы жүрүштөрүн, саясий кебетесин азамат деп айта албайм. Ал кебетесин бузуп алган жигит. Бирок, орто ГЭСтерди куруу боюнча демилге көтөрүп, иштеп атпайбы азыр. Мен ушуну колдойм. Бийликке жетем деген эмес, элге кызмат кылам деген ишин көрүшүбүз керек да ар бир азаматтын. Мисалы, ошол эле Муралиевдин аракетин айтууга болот.

Бийлик үчүн күрөшүү, бийликке умтулуу тигил же бул саясий топ үчүн кадырэсе көрүнүш экендигин Табылды Акеров белгиледи. Бул өңүттөн алганда “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы бейтарап саясатчылардан куралып, алар идеологияга көбүрөөк маани бергендиги менен коомчулуктун көңүлүн бура алат, бул жакшы көрүнүш дейт саясат таануучу:

- Мындай кыймылдар көп түзүлөт болуш керек дагы. Себеби, президенттик шайлоо жакын калган сайын кайсы бир саясий инсандар өздөрүнүн кыймылдарын түзүп, электоратка иштей баштаганга умталап атат. Ар бир региондордо мыйндай уюмдар түзүлө баштайт, президенттик шайлоого катышуу үчүн бир талапкерди алып чыгууга аракеттер болот. Буга экономикалык мүчүлүштүктөр да таасир этип атат. Ал аркылуу саясий кыймылдар электораттын алдында позициясын күчөтүп атышат.

Албетте, жаңы түзүлгөн кыймыл өздөрүн оппозицияда санаган “Акыйкат үчүн!” өңдүү кыймылдар, саясий топтор деле президенттик шайлоого катышаары же ага карата камылгалары тууралуу айтыша элек. Ошол эле учурда оппозицияга ыктаган саясатчылар президент Курманбек Бакиевдин кадрдык акыркы алмашууларынан тарта эл менен жолугушууларына чейинки аракеттерин президенттик шайлоого даярдыктардын башталышы катары баалашты. Анткен менен, президент Курманбек Бакиевге ыктаган саясатчылар өз талапкерлерин чыгаруу үчүн кыймылдарды түзөөрүн божомолдогондор да бар. Маселен, саясат таануучулардын бири Жолборс Жоробековдун көз карашында, жаңы түзүлгөн “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы президенттик шайлоодо шайлоочулардын бараандуу бөлүгүн артынан ээрчитип кетет дегенге дегеле ишенбейт:

- Өткөндөгү атка минерлерден куралган азыркы кыймыл кандайдыр бир электораттарды багындырып алат, тартып кетет дегенден алысмын. Себеби, алардын бардыгы убагында иштеген, убагында элге бирдеме жасаш керек эле. Кыргыздар ушундай бийликке кызыкдарбыз да. Албетте, президенттик шайлоо жакындаган сайын ар кандай уюмдар, кыймылдар пайда болушу мүмкүн. Бирок, кандайдыр бир чоң электораттарды багындырып кетет дегенден мен алысмын.

Анткен менен, көз карандысыз көпчүлүк байкоочулар тарабынан мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылбай, бийликтен сыртта калган саясатчылардын жана саясий партиялардын дээрлик тигил же бул саясий кыймылдарга биригип жатышын алдыдагы чоң саясий окуяга чейин көз караштарын аныктап, бири-бирине ыкташуу аракеттери катары бааланууда. Ал эми курамына оппозициялык көпчүлүк кирген “Акыйкат үчүн!” кыймылы, жаңы түзүлгөн “Бирдиктүү Кыргызстан” же “Демократиялык бириккен союз” кыймылы деле биригүүгө кадам жасаша элек. Мунун себебин талдоочулар лидерликке умтулуу кыргыз саясатчылары арасында ашкере өнүккөндүгү менен да түшүндүрүп жүрүшөт. Көңүл бура турган жагы - бул кыймылдардагы лидерлердин көпчүлүгү оппозициялык партиялар уюштурган апта башындагы тегерек үстөлдөгү талкууга катышышты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG