Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ


Бул жумада “Кылым муза” продюсердик борбору “Сүйүү жана миллион” аттуу толук метраждуу тасма тартып баштайт. Аталган борбордун жетекчиси Айбек Карымовдун билдиргенине караганда фильм Өмүрзак Төлөбековдун чыгармасы боюнча тартылат.

Эртеңден тарта Кыргызстанда ар кайсы аймактарында “Коомчулукка негизделген кыргыз туризм ассоциациясы” өлкөгө эс алууга келген туристтер үчүн пландаштырган маданий иш-чараларын баштайт. Атай кетсек алгач Ысыккөл жээгинде “Балажан” фестивалы өтөт. Анда балдар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулат. Мындан сырткары каада-салт, үрп-адат жана улуттук оюндардын фестивалдары бар.

Мамлекеттик тарых музейинде “Байыркы Кыргызстандын алтындары” аттуу экспозиция өтүүдө. Көргөзмөгө Кыргызстандын аймагынан табылган, байыркы мезгилдеги 300гө жакын алтын жана коло буюмдар коюлган. Алардын көпчүлүгү жасалгалар экенин музей кызматкери Акылай Шаршеналиева кабарлады.

2-июлга чейин Германиянын кинокүйөрмандарына Болот Шамшиевдин “Крокодил” тасмасы сунушталат. Бул тасма Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Сыдыкбек Сатаркуловдун жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн пейзаждары, графика жанрында тартылган эмгектери коюлган.
XS
SM
MD
LG