Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Пакистанда коопсуздук күчтөрү Хубер чөлкөмүнө көзөмөл орнотконун билдиришти


Бул аймактагы согушкерлерге каршы чабуул кечээ башталган эле. Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстандагы күчтөрүн камсыздоодогу негизги жол ушул Хубер аймагы аркылуу өтөт. Пакистандын өкмөттүк күчтөрүнүн чабуулу бул аймактын Барра деп аталган негизги шаарынын айланасына жасалып, согушкерлердин бир нече турумдары талкаланган. Бирок согушкерлер тараптан каршылык көргөзүлгөн эмес. Хуберге жасалган чабуулга жооп кылып, маалыматтарга караганда, пакистандык талибдердин кол башчысы Байтулла Месуд өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтотконун билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG