Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

АКШ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ КЫТАЙДЫ МАКТАДЫ


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс дүйшөмбү күнү Пекинде Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао, премьер- министри Вэнь Цзябао менен жолугат. АКШнын тышкы саясий мекемесинин башчысы Кытайга жекшембиде келип, адегенде зилзаладан жапа чеккен Сычуань провинциясындагы калыбына келтирүү иштери менен таанышты жана көрүлүп жаткан чаралар үчүн кытай тарапты мактады. Ал эми Пекиндеги сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Түндүк Кореянын өзөктүк программасына бурулары күтүлүп жатканын маалымдады.

Кытайдын Сычуань провинциясында быйыл 12-майда орун алган зилзаладан каза тапкан жана дайынсыз жоголгондордун саны 88 миңге жетип, дагы 5 миллионго жакын адам турак -жайынан айрылып, жер которууга мажбур болгон. АКШ сегиз баллдык жер титирөөдөн шаарлары менен кыштактары кыйрап калган бул аймакка жардам көргөзүү боюнча эл аралык аракеттерге кошулган.

Ошол жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери менен таанышкан соң АКШ Мамлекеттик катчысы Кытай бийликтерин мактады. Кондолиза Райс белгилегендей, Кытай бул багытта көп иштерди жасаган жана мында эл аралык коомчулук менен тыгыз кызматташты:

-Бул жерде адамдын духу ири кыйроону кантип жеңип жатканын көрүүгө болот. Биз азыр жашоосун кайра тикелеп жаткан адамдардын арасында экендигибизге карабай, көп адамдар, анын ичинде балдар өмүрүнөн айрылганын эстебей коё албайбыз. Аларды дайыма эстейбиз. Бирок адамдар кайрадан бутуна тура баштап, жашоосун улантып жатканын көрүү – көңүл көтөрөөрлүк.

АКШ Мамлекеттик катчысы ошондой эле Кытайдын аракеттери коңшу Мьянманы башкарган аскерий хунтаныкынан айырмаланаарын кошумчалады:

-Мьянманын бийликтери эл аралык коомчулуктун өз элине жардам берүүсүнө тоскоолдук кылышты. Биз баарыбыз Мьянма өкмөтүн элге жардам берүүгө жол ачуусуна шыктандырууга аракеттенип жатабыз.


Мьянмада быйыл 2-3 май күндөрдөгү тропикалык циклондон мерт болгондор менен дайынсыз жоголгондордун саны 130 миңге жеткен. Өлкөнү башкарган аскерий хунта аман калгандарга жардам берүүдө жетиштүү чара көрбөгөнү, же чет элдик адистерди киргизбегени үчүн эларалык сынга кабылган эле.

Ал эми Кондолиза Райстын Пекинде Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи, төрага Ху Цзиньтао, премьер- министри Вэнь Цзябао менен өткөрүүчү сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Түндүк Кореянын өзөктүк программасына бурулары күтүлүүдө.

Өткөн бейшембиде Пхеньян өзүнүн өзөктүк программасы тууралуу узактан бери күтүлгөн отчетун Кытайга өткөрүп берип, анын соңунан ишембиде Йонбон комплексинде өзөктүк реакторду муздатуучу мунарасын жардырып бузган эле.

АКШ Пхеньяндын мындай кадамдарын кубаттады. Анткен менен Кондолиза Райс жума күнү Жапонияда болгон учурунда белгилегендей, Түндүк Кореянын өзөктүк програмасына байланыштуу али чечиле элек бир нече маселе бар:

-Бул иштин бүтүшү эмес. Биз ошондой эле жайылтпоо маселесин, өтө байытылган уран маселесин чечишибиз керек. Биз Түндүк Кореянын бардык программасы аяктаганын текшерүүбүз абзел.

АКШ Мамлекеттик катчысынын дарегине Кытайдагы бул эки күндүк сапары учурунда адам укуктары жана Тибет маселесин көтөрүү чакырыктары да айтылды.

Вашингтон Кытайды Далай Лама менен сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөгөн. Ал эми Кытай Тибеттин рухий лидери март айында бул чөлкөмдө болгон элдик толкундоолордун артында турган жана Пекин Олимпиадасына даярдыкты үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн деп эсептейт. Далай Лама болсо мындай айыптоолорду четке кагып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG