Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

ТАБАРСЫК РАГЫН КАНТИП АЛДЫН-АЛУУ КЕРЕК?


Жакын досуңуз жаныңызда болсо, сиздин жашооңуз мыкты жагына өзгөрүп кетпейт. Бирок жакшы санаалаштарыңыз сиздин жашооңузду бир аз женилдете алат. Бул тууралуу “Эксперименталдык психология” журналынын ушул айда чыккан санында айтылат. Ал эми атайын көнүгүүлөр жана туура тандалып алынган диета менен эркектер табарсык рагын алдын алалат.

Достор биздин жашоону жеңилдете алат. Алар кыйын мезгилде бизге жардамга келет. Бирок чындыгында эле дос менен адырга жүк алып чыгуу эмне жеңилби?

Адистер бул суроого “ооба” деп жооп беришет. Британиядагы Плимус университетинин психологиялык изилдөө лабораториясынын жетекчиси Симон Шнелдин айтымында, социологиялык колдоонун биз ойлогондон дагы күчтүү таасири бар.

Доктор Шнелдин изилдөөсүнө катышкандар жонуна оор баштык артып алып, тоодон ылдый түшүшкөн. Натыйжада тоодон досу менен бирге түшкөндөр жалгыз түшкөндөргө караганда анчалык кыйналган эмес.

-Биздин баамыбызда тоодон ылдый түшүп бара жатканда сиз жаныңыздагы досуңуз тууралуу ойлонсоңуз, ошол узак жол жана жонуңуздагы оор жүк тууралуу бир аз дагы болсо унутуп каласыз.

Изилдөөгө ылайык, сиз сыркоолоп калганда жакын санаалашыңыз жаныңызда болсо, өзүңүздү аз да болсо жакшы сезе баштайсыз.

Эгерде адамдын генинде рак илдетине кабылуу ыктымылдагы жогору болсо, тагдырга нааразы болуунун кажети жок, деп айтылат жакында эле жарык көргөн изилдөөдө. Анда эркектер туура тамактанып, атайын көнүгүүлөрдү жасоо менен табарсык рагын алдын алууга болоору айтылат.

Калифорния университетинин профилактикалык медицина боюнча илимий изилдөө институтунун жетекчиси Дин Орниш жүргүзгөн изилдөөгө табарсык рагына чалдыккан 30 эркек катышкан. Адатта оорукчан мындай учурда салттуу деп эсептелген химиялык терапия, радиация, же операция өңдүү медициналык дарылануудан өтөр эле. Бирок доктурлар бул ирээт дарылануунун башка ыкмасын тандашкан.

Адегенде оорулуулар мөмө-жемиш жана витаминдерге бай азыктар менен тамактанышкан. Аларга эт жана сүт азыктары берилген эмес. Мындан сырткары изилдөөгө катышкандар күн сайын 30 мүнөт жөө басып, атайын көнүгүүлөрдү жасап турушкан.

Үч айдан кийин изилдөөгө катышкан эркектер кайрадан текшерүүдөн өткөндө алардын табарсыгындагы шишик кичирейе баштаганы байкалган.

Ушул тапта дүйнө жүзүндө орто эсеп менен жыл сайын 250 миң эркек табарсык рагы менен ооруйт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, бул сандар жыл сайын Европа өлкөлөрүндө, Түндүк Америка, Австралия, Жаңы Зеландия жана Жапонияда көбөйө бермекчи. Изилдөөнүн негизинде эт жана сүт азыктарын аз колдонгон өлкөлөрдө табарсык рагына чалдыккан адамдардын саны аз болот деген тыянак чыгарылган.
XS
SM
MD
LG