Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

ФУТБОЛ: ИСПАНИЯ ЕВРОПА ЧЕМПИОНУ БОЛДУ


Кечээ 29-июнда футбол боюнча Европанын 13- чемпионаты соңуна чыкты. Баш байге үчүн Австриянын Вена шаарындагы «Эрнест Хаппель» стадионунда Германия жана Испания курама командалары күч сынашып, 1:0 эсебинде испандар жеңишке жетишти. Кыргызстандын футбол күйөрмандары Европа чемпионатынын финалдык оюндары тууралуу өз ой-пикирлерин «Азаттыкка» билдиришти.

Финалдык таймашууда Испания командасы негизги атаандашы Германия футболчулары менен беттешти. Натыйжада биринчи таймдын 33 мүнөтүндө Англиянын “Ливерпуль” командасынын жана Испания курамасынын чабуулчусу 24 жаштагы Фернандо Торрес эсепти ачып, германиялыктардын дарбаза торуна топту түшүрдү.

Германиялыктар дагы эки таймда тең жооп кылууга аракет кылышканы менен эсепти теңдей алышпады.

Нарындык футбол күйөрманы Казыбек Ботокановдун пикиринде, Испания курама командасы Орусияны уткандай жигердүү ойноп, германиялыктарды финалда утуп алышты. Себеби алар 24 жылдан жылдан кийин гана кайрадан финалга чыгып, жеңишке жетишти. Алар Европанын экиничи ирет чемпиону болушканына 44 жылдын аралыгы болду.

- Финалдык таймашууда германиялыктар менен испандар Европада футболдун мыкты командаларынан экенин далилдеп коюшту. Испандар чечүүчү учурда гана уюшкандык менен ойноп, намысты колдон чыгарышпады. Айрыкча алардын күч- кубаты, тажрыйбасы жетиштүү экени көрүнүп, германиялыктарга мүмкүндүк беришпеди. Немистердин коргоонунуусу мыкты болсо да жарып кирип, мөрөй алышты. Өтө кызыктуу, курч таймашуу болду. Оюндун жыйынтыгына испандардын күйөрманы катары мен абдан ыраазымын.

Ушундай эле пикирин кыргызстандык футбол күйөрмандары да «Азаттыкка» айтып, «испандар жакшы ойноп германиялыктарды татыктуу утуп алышты»- дешсе, айрымдары германиялыктарга утуш коюп акчалай сыйлыктарды досторуна уттуруп жибергенин жашырышпады.

Гелдир:- Чынында эле испаниялыктар Европада футболдун мыкты командаларынын бири экени талашсыз. Алардын жылдызы жанып турду. Испандар баш байгенин ээси болушту. Мен досуман 500 сом утуп алдым.

Мухиддин Рустамов: - Мен Германияны сүрөөнгө алып келаткам. Алар финалда испаниялыктарга туруштук бере албай коюшту. Канчалык аракет кылышканы менен эсепти теңдей алышпады.

Үсөн: - Немистер кыйын ойнойт деп ишеним утушту аларга койгом. Алар чыныгы жүзүн көрсөтсөтө албай коюшту. Испандар Европанын чемпиондугун 2-ирет утуп алышты. Оюндун жыйынтыгына мен деле ыраазымын.

Нурбек: - Бул чемпионаттын мыкты оюнчусу испаниялык Фернандо Торрес болду. Германиялыктардан Михаэль Баллак жакшы оюн көрсөтө албай койду. Финалдык таймашуу абдан кызыктуу, курч мүнөздө өттү.

Футбол күйөрмандарынын айтымында, быйылкы чемпионаттагы сенсацияны Испания командасы жаратып, алар бардык аттандаштарын, ал түгүл орустарды эки ирет утуп, финалда да жеңишти камсыз кылышты.

Германия курамы Европа чемпионатынын финалында 6 ирет баш байгеге талапкер болуп, үч жолу Европанын чемпиондук алтын медалын тагынган. Бул жолу болсо испандыктарга алдырып, жеңилүү ызасын тартышты.

Ал эми Испания курамы финалга эки ирет чыгып, 1964-жылы СССР курамын жеринде 2:1 эсебинде жеңип, Европа чемпиону аталган. Андан кийин 1984-жылы Францияда өткөн Европанын 7-чемпионатында талаа ээлери француздарга 2:0 эсебинде утулуп калышкан. Испаниялыктар 24 жылдан кийин гана кайрадан финалга чыгып, кечээ баш байгенин ээси болушту.

Кечээки финалдык беттешүүнү да Кыргызстандын улуттук телерадио корпорациясы күйөрмандарга түз алып көрсөттү. КТРдын футболдук баяндамачысы Кубан Атабеков мелдешти жыйынтыктап жатып, испандардын утушуна Фернандо Торрестин салымы зор экенин белгиледи. Ал УЕФАнын чечими менен Европанын 13- чемпионатынын мыкты оюнчусу деген сыйлыкка арзыды.

Европанын 13-чемпионаты 22 күнгө созулду. Австрия жана Швейцария өлкөлөрүнүн 8 шаарында өткөрүлдү. Бул турнирди 300 миңдей футбол күйөрманы көрүштү.

Европанын эмки 14-чемпионаты төрт жылдан кийин Польша жана Украина өлкөлөрүндө өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG